Аймак

ӨЗГӨНДӨ ЖЕРДЕШТЕРИНИН СООЛУГУНА ООР ЗАЛАЛ КЕЛТИРҮҮГӨ ШЕКТЕЛГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

ӨЗГӨНДӨ ЖЕРДЕШТЕРИНИН СООЛУГУНА ООР ЗАЛАЛ КЕЛТИРҮҮГӨ ШЕКТЕЛГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

 324 Бардыгы /

Өзгөн жергесинде жердештеринин ден соолугуна оор залал келтирүүгө шектелип, анан дагы издөөдө жүргөн жаран акыры кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

        Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылы май айында Ош облусундагы Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн жашоочусу 1987-жылы туулган Н. О. өзүнүн кылмыштуу шериктери менен бирге ээн талаадан ушул эле райондун Кызыл-Октябрь айылөкмөтүнүн жашоочусу 1995-жылы туулган З.уулу Б. ны жана анын бир тууган иниси 1997-жылы туулган З.уулу Б.ны өз ара пикир келишпестиктен улам аеосуз сабап ташташкан. Мунун кесепетинен 1995-жылы туулган З.уулу Б. денесинен абдан оор жараланган. Аталган факты боюнча жабырлануучулар милицияга дагы арыз менен кайрылышып, мунун негизинде Өзгөн РИИБсынын Тергөө кызматы тарабынан дароо эле кылмыш иши козголуп, шектүү Н. О.го издөө жарыяланган.

        Ошентип, тергөө тапшырмасынын негизинде Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлерине ыкчам иш-чараларды жүргүзө башташкан. Натыйжада 2024-жылдын 14-август күнү саат 06:00 чамаларында жогорудагы кылмышка тиешеси бар издөөдө жүргөн жаран 1987-жылы туулган Н.О. кармалды. ИИМдин маалыматына караганда, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экен. Дароо убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ушул тапта аталган кылмышты ар тараптуу иликтөө иштери ырааттуу улантылууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17