Аймак

ТАШ-КӨМҮР ШААРЫНДАГЫ ӨРТТҮН КЕСЕПЕТИНЕН ТӨРТ АДАМДЫН ӨМҮРҮ КЫЙЫЛДЫ

ТАШ-КӨМҮР ШААРЫНДАГЫ ӨРТТҮН КЕСЕПЕТИНЕН ТӨРТ АДАМДЫН ӨМҮРҮ КЫЙЫЛДЫ

 321 Бардыгы /

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында өрт чыгып, мунун кесепетинен төрт адам жеринде эле каза тапты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги булардын баары тең бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экендигин ырастады.

        Маалыматка ылайык, 101 кызматына ушул жылдын 11-августунда саат 17:30да Панфилов көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Таш-Көмүр шаардык өрткө каршы бөлүмүнөн эки күжүрмөн эсеп, №6-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунан төрт куткаруучу тартылган. Тилсиз жоо саат 17:39да курчоого алынган. Тилекке каршы, өрттүн кесепетинен бир үй бүлөнүн төрт мүчөсү: 63 жаштагы Н.М., 10 жаштагы А.Б. жана 13 жаштагы А.Э. аттуу балдар, 6 жаштагы А.А. аттуу кыз каза табышты.

        Маркумдардын сөөктөрү куткаруучулар тарабынан чыгарылып, Таш-Көмүр ШИИБсине өткөрүлүп берилди. Ал эми ушул тапта өрттүн келип чыгуу себептери такташтырылууда.

        Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17