Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
163 Бардыгы / Ош облустук соту Кара-Суу районунун мурдагы акими, Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы Тилек Матраимовдун апелляциялык арызын карап, аны канааттандырган чечим чыгаргандыгын Ош облустук сотунун басма сөз кызматы ырастады. Маалыматка караганда, Ош облустук сотунун ушул жылдын 6-августтагы өкүмүнүн негизинде Кылмыш-Жаза Кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) […]
164 Бардыгы / Ош облустук соту Кара-Суу районунун мурдагы акими, Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы Тилек Матраимовдун апелляциялык арызын карап, аны канааттандырган чечим чыгаргандыгын Ош облустук сотунун басма сөз кызматы ырастады. Маалыматка караганда, Ош облустук сотунун ушул жылдын 6-августтагы өкүмүнүн негизинде Кылмыш-Жаза Кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) […]
ОШ ОБЛУСТУК СОТУ ТИЛЕК МАТРАИМОВДУ 300 МИҢ СОМ АЙЫПКА ЖЫКТЫ
16.08.2024 / Автор anarkan_kg165 Бардыгы /
Ош облустук соту Кара-Суу районунун мурдагы акими, Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы Тилек Матраимовдун апелляциялык арызын карап, аны канааттандырган чечим чыгаргандыгын Ош облустук сотунун басма сөз кызматы ырастады.
Маалыматка караганда, Ош облустук сотунун ушул жылдын 6-августтагы өкүмүнүн негизинде Кылмыш-Жаза Кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен айыпталган М.Т.И.ке үч миң эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салынып, башкача айтканда мамлекеттин пайдасына 300 000 (үч жүз мин) сом өндүрүлдү. Ал эми Кара-Суу райондук соту Матраимовдун ишин быйыл 11-июнда карап, 1 миллион сом айыппул төлөөгө милдеттендирген жана жакынкы үч жылда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан ажыраткан. Экс-аким менен жактоочусу аркылуу сот чечимине нааразы болуп, облустук сотко кайрылган эле.
Тилек Матраимовго 2019-жылы Кара-Суу районунда жер алдындагы өтмөктүн курулушуна байланыштуу Кылмыш-Жаза Кодексинин «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен айып тагылган. Ал эми Тилек Матраимов быйыл 25-мартта бир туугандары Райымбек, Руслан, Исламбек Матраимовдор менен чогуу Азербайжандын Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке жеткирилген. Андан ары апрель айында үй камагына чыгарылган.
Баса, Райымбек Матраимовго Кылмыш-Жаза Кодексинин «Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу» жана дагы «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу-адалдоо» беренелери менен кылмыш иши козголуп, ушул тапта тергөө кызуу жүрүп жатат. 27-мартта Биринчи май райондук сотунда ага Кылмыш-Жаза Кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси менен дагы айып тагылган. Ал эми 24-июнда сот анын абактагы мөөнөтүн 27-августка чейин узарткан эле.
Баса, 2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап кылмыш ишин козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген эле. Райымбек Матраимов өзү күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) «Кыргызстанда мафия түзгөн» деп айыптаган. Кыргызстанда «Кримчөйрөнүн анабашы» аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлүп, жок кылынган.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
12.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ПРЕЗИДЕНТ ИШ САПАРЫ МЕНЕН ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНА БАРАТ
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.