Аймак

КАРА-СУУДА КАРООСУЗ КАЛТЫРЫЛГАН 10,5 ГЕКТАР ЖЕР МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ

КАРА-СУУДА КАРООСУЗ КАЛТЫРЫЛГАН 10,5 ГЕКТАР ЖЕР МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ

 99 Бардыгы /

        Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы 52 миллион 800 миң сомдук 10,5 гектар жер тилкеси акыры мамлекетке кайтарылды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Акыры такталгандай, буга дейре Кара-Суу районунун Ынтымак айыл өкмөтүндөгү балдар лагерин куруу үчүн Кара-Кулжа токой чарбасы тарабынан 10,56 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Тилекке каршы, 1992-жылы балдар лагери бардык инфратүзүмү жана жабдуулары менен Ош тамеки комбинатына сатылып, Төлөйкөн тамеки заводунун (тамеки иштетүүчү завод) балансына өткөрүлгөн. Ошол эле учурда бул лагерь иш жүзүндө иштебей, таптакыр кароосуз калган.

Ошентип, тиешелүү иш-чаралардын комплексин өткөрүүнүн натыйжасында «Ош-Дюбек» ААКсы аталган жер тилкесин өз ыктыярлары менен мамлекеттин балансына өткөрүп берди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17