Аймак

БАТКЕН – БОЗ-АДЫР АВТОУНАА ЖОЛУНУН 7 ЧАКЫРЫМ АРАЛАГЫНА АСФАЛЬТ ТӨШӨЛДҮ

БАТКЕН – БОЗ-АДЫР АВТОУНАА ЖОЛУНУН 7 ЧАКЫРЫМ АРАЛАГЫНА АСФАЛЬТ ТӨШӨЛДҮ

 96 Бардыгы /

Ош – Баткен – Раззаков автоунаа жолунун (эски багыт) Баткен – Боз-Адыр тилкесинде асфальт төшөө иштери дээрлик жыйынтыкталды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

ОШентип, аталган ведомствонун маалыматына караганда, быйылкы жылдын титулдук тизмесине ылайык 3 чакырым, ал эми капиталдык салымдар беренесинин эсебинен 4 чакырым аралыкка асфальт төшөө каралып, план толугу менен аткарылды.

Баса, аталган жумуштар Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №2-Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17