Аймак

НООКАТТА МЫЙЗАМ БУЗГАН КУРУЛУШ КОМПАНИЯСЫНА 200 МИҢ СОМ АЙЫП САЛЫНДЫ

НООКАТТА МЫЙЗАМ БУЗГАН КУРУЛУШ КОМПАНИЯСЫНА 200 МИҢ СОМ АЙЫП САЛЫНДЫ

 135 Бардыгы /

Ош шаарындагы мыйзам талаптарын одоно бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды. Бул туурасында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.  

Анткени. Ош Аймактыцк мамлекеттик-архитектура курулуш контролдоо башкармалыгы «ЭУМ» ЖАКсы тарабынан Ноокат районунун борборунда кыйла жалдырдан бери курулуп, тилекке каршы, бүтпөй жаткан соода борбордун курулушуна пландан тышкары тыкыр текшерүү жүргүздү.

 Ошентип, текшерүүнүн жыйынтыгында ченемдик укуктук актылардын бузулган фактылары ачык аныкталып, жазма буйрук берилди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексине ылайык, 200 миң сом айып салынды. Мындан ары мыйзам чегинде тийешелүү иш аракеттер улантылмакчы.

        Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17