Аймак

ОШ ОБЛУСУНДА КУРУЛУП ЖАТКАН ЭКИ МЕКТЕПТИ ДҮЙНӨЛҮК БАНК КАРЖЫЛООДО

ОШ ОБЛУСУНДА КУРУЛУП ЖАТКАН ЭКИ МЕКТЕПТИ ДҮЙНӨЛҮК БАНК КАРЖЫЛООДО

 189 Бардыгы /

        Ош облусунун Кара-Суу районундагы №125-Боболашкар мектебинин жана Өзгөн районундагы №57-А.Өмүрзаков атындагы мектептин жаңы имараттарынын курулушу башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

        Маалыматка караганда. курулуш иштери Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу» (ERIK) долбоорунун алкагында гана жүрүүдө. Ошентип, жаёыдан курулган мектептер жер титирөөлөргө туруштук берип, электр энергиясын дагы бекем үнөмдөйт. Ошондой эле майыптыгы бар балдар үчүн ыңгайлуу шарттар кошо түзүлүп, санитардык-гигиеналык шарттар заманбап түзүлмөкчү. Мектеп гана эмес имараттын короосу дагы кыдырата көрктөндүрүлүп, видеобайкоо системалары коюлат жана тышкы мектеп инфратүзүмдөрү кошо  орнотулат.

        Долбоорго ылайык аталган мектептер заманбап илимий методология боюнча тандалып алынган. Тандоо критерийлерин Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Дүйнөлүк банк биргелишип иштеп чыгышкан. Тандоонун негизги талаптарынын ичинен жердин сейсмикалык тобокелдиги, имараттын абалы жана мектептеги окуучулардын саны эске алынган. Жалпысынан долбоордун алкагында Кыргызстан боюнча Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу аркасында Кыргызстанда жалпысынан 40 мектеп курулат жана реконструкцияланат. Иргелип алынган мектептерде санитардык-гигиеналык жагдайды жакшыртуу иш-аракети жүрүп, ички дааратканалар дагы орнотулат.

        Ошентип, Кара-Суу районунун Шарк айылында жайланышкан №125-Боболашкар мектебинин эски имараты 1970-жылдары курулган. Бүгүнкү күндө үч нөөмөттө 460тан ашуун окуучу билим алышууда. Эми 225 окуучуга ылайыкталган жаңы эки кабаттуу имарат салынат. Анда 16 окуу кабинети, 8 даараткана, спорт залы, концерттик зал, ашкана, китепкана, медициналык кабинет, атайы жабдылган физика жана химия кабинеттери каралган. Ошондой эле жаңы мектепке саркынды сууларды тазалоочу курулмалар орнотулат. Ушул тапта пайдубалын тургузуу иштери кызуу жүрүүдө. Ал эми Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылындагы №57-А.Өмүрзаков атындагы мектеп 1970-жылдары курулган. Мектептин имараты 200 окуучуга ылайыкталган, ушул тапта 500 бала окуйт. Бул билим уясына дагы жаңы эки кабаттуу имарат салынат. Ушу тапта пайдубалды тургузуу иштери колго алынган.

        Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17