Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНЕ 3 ПАРТИЯ ӨТТҮ
НООКАТ ШААРЫНДА ЖЕР ҮСТҮНДӨГҮ ӨТМӨК КУРУЛАТ
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
106 Бардыгы / Ош облусуна караштуу баардык шаарлардын мэрлери дээрлик жаңыланды. Мындан Ноокат шаары дагы кур калган жок! Жаңыдан дайындалган калаа башчысы Бекболот ЭГЕНАЛИ уулун кабарчыбыз капы-тапыл кепке тартты. Бекболот мырза, Сиз кайдан жүрүп капысынан Ноокат шаарынын мэрлигине дайындалып калдыңыз? Сиздер күмөн санагандай, мен Асмандан түшкөн жерим жок! Ноокат районундагы Кеңеш айыл өкмөтүндө иштечүмүн. Муниципалдык кадрлардын […]
107 Бардыгы / Ош облусуна караштуу баардык шаарлардын мэрлери дээрлик жаңыланды. Мындан Ноокат шаары дагы кур калган жок! Жаңыдан дайындалган калаа башчысы Бекболот ЭГЕНАЛИ уулун кабарчыбыз капы-тапыл кепке тартты. Бекболот мырза, Сиз кайдан жүрүп капысынан Ноокат шаарынын мэрлигине дайындалып калдыңыз? Сиздер күмөн санагандай, мен Асмандан түшкөн жерим жок! Ноокат районундагы Кеңеш айыл өкмөтүндө иштечүмүн. Муниципалдык кадрлардын […]
Бекболот ЭГЕНАЛИ уулу: “ЭМГЕК ТАРТИБИН БУЗГАНДАР – МЕНИН КОМАНДАМ ЭМЕС!”
26.08.2024 / Автор anarkan_kg108 Бардыгы /
Ош облусуна караштуу баардык шаарлардын мэрлери дээрлик жаңыланды. Мындан Ноокат шаары дагы кур калган жок! Жаңыдан дайындалган калаа башчысы Бекболот ЭГЕНАЛИ уулун кабарчыбыз капы-тапыл кепке тартты.
- Бекболот мырза, Сиз кайдан жүрүп капысынан Ноокат
шаарынын мэрлигине дайындалып калдыңыз?
- Сиздер күмөн санагандай, мен Асмандан түшкөн жерим жок!
Ноокат районундагы Кеңеш айыл өкмөтүндө иштечүмүн. Муниципалдык кадрлардын резервинде дагы болчуумун. Андыктан, бул кызматка эч кандай сынак-пынагы жок эле район акими тарабынан дайындалдым.
- Жаңы жетекчилер адатта адегенде эле камандасын
чекесинен жаңылап ийишчү. А Сиз антпедиңизби?
- Мен дээринен команда-поманда дегенге таптакыр каршымын!
Ноокат шаарынын мэриясында эски гвардия, мындайча айтканда, мурунку эле жамаат менен эле ийиндеше иштешешмин. Эгерде кимде ким кызматтык жоопкерчилигин унутуп, эмгек тартибин одоно бузса, албетте, ал – менин командам эмес!
- Бюджетиңиздер чакан эмеспи?
- Туптуура баамдапсыз. Чындыгында, ошондой. Бир жылдык
бюджетибиз болгону 91 миллион сом. Мен муну мындан ары көтөрүүнүн жол-жоболорун катуу издештирип жатамын. Маселен, Эл аралык Араб фондуна эки чоң долбоор жаздык. Буга улай ички мүмкүнчүлүктөрүбүздү дагы ого бетер кеңейтмекчибиз. Бардык тармакты бүтүндөй ревизиялаймын. Салыктын түрлөрүн көбөйтүп, анан дагы республикалык бюджеттен чоңураак каражат сурамакчымын.
- Бекболот мырза, Ноокат шаары Сизге болочокто чоң
аэродром болуп, мындан дагы бийиктикке – чоң кызматтарга секирик жасайын деген ниетиңиз бардыр?
- Алишер мырза, үмүтсүз – шайтан! Бирок, баардыгы тең
Алладан. Аллах дагы канчалык мээнет кылган пендесин сүйөт эмеспи. Демек, эли-журтума ак кызмат өтөсөм, акыры анын акыбети дагы кайтаарына мен бөркүмдөй ишенем!
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ
Ноокат шаарынын жаңы мэри Бекболот ЭГЕНАЛИ уулу 49 жашта. Ноокат районунун Кеңеш кыштагында туулган. Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүтүргөн. Кесиби – юрист. 7 уул, бир кыздын атасы. Келинчеги Асель Кадиева – жеке ишкер.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
18.11.2024 / Автор anarkan_kg КУДАЙБЕРДИ КОЖОБЕКОВ КАЙРАДАН ОШМУнун РЕКТОРЛУГУНА ДАЙЫНДАЛДЫ
-
18.11.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНЕ 3 ПАРТИЯ ӨТТҮ
-
-
23.11.2023 / Автор anarkan_kg ТУРИЗМДИ ӨНҮКТҮРҮҮ БАГЫТЫНДАГЫ ҮЧ ЖЫЛДЫК СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАН БЕКИТИЛДИ
-
04.12.2023 / Автор anarkan_kg КАРА-СУУ БАЗАРЫНЫН ИШКЕРЛЕРИ ККМ КОЛДОНУУДАН БОШОТУЛДУ
-
12.12.2023 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА БЕШИНЧИ КАБАТТАН СЕКИРҮҮГӨ АРАКЕТ ЖАСАГАН ЖАРАН КУТКАРЫЛДЫ
Маек
Кадырберди БАЙГАЗИЕВ: “ЗАМАНБАП МЕКТЕП ҮЧҮН ОЙЛОМ ИШМЕРДИГИН АКТИВДЕШТИРҮҮ – МЕЗГИЛДИН КЕЧИКТИРИЛГИС ТАЛАБЫ!”
Ушул тапта Кыргызстандын башталгыч мектептеринде математика предмети боюнча ар түрдүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.