Аймак

НООКАТ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНА 48 БАТИР КАЙТАРЫЛДЫ

НООКАТ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНА 48 БАТИР КАЙТАРЫЛДЫ

 6 Бардыгы /

        Ош облусунун прокуратурасы соттук актылардын аткарылышын текшерүүнүн жүрүшүндө Ноокат шаарындагы 0,48гектьар аянтка курулган 48 батирдин мыйзамсыз сатылып  кеткен фактысын акыры ашкерелерди. Бул туурасында Башкы Прокуратурадан билдиришти.

Көзөмөл органынын маалыматына караганда, бул мыйзамсыз жоруктарды Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлери жасашкандыгы ашкереленди. Ошентип, сот органдарына расмий даттануунун натыйжасында гана жогорудагы аракеттер бүт мыйзамсыз деп табылды.

Эң башкысы: Ош облустук прокуратурасынын каршылык актысына ылайык 48 батирлүү көп кабаттуу турак жай жана дагы 93 миллион 21 миң сомдук 0,48 гектар жер тилкеси Ноокат шаарынын мэриясына өткөрүлүп берилди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17