Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА КИЧИ ГЭС КУРУЛАТ

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА КИЧИ ГЭС КУРУЛАТ

 6 Бардыгы /

6-Кыргыз-Орус экономикалык форумунун алкагында “Росатом сервис” ишканасы, Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду жана “Альфа Ойл” компаниясынын ортосунда курулуш келишимине кол коюлду. Жакынкы арада өнөктөштөр Жалал-Абад областында орнотулган кубаттуулугу 30 МВтка чейин Чандалаш кичи ГЭСин куруу боюнча инвестициялык долбоорду иштеп чыгып, ишке ашырышат.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 3 жыл деп аныкталган. Жаңы ГЭСтин курулушу жашыл энергияны өндүрүү менен катар региондо өнөр жайды өнүктүрүү үчүн инфраструктураны, жаңы жумуш орундарын түзүүнү жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууну камтыйт. «Чандалаш ГЭСи жергиликтүү тургундардын бакубаттуулугуна жана өлкөнүн өнөр жайынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет.

Долбоорду ишке ашыруу ГЭСтин курулушунун эң жогорку стандарттарын кепилдеген «Росатомдун» алдыңкы технологияларын колдонуу менен коштолот», — деп комментарий берди «Росатом Сервис» ААКтын башкы директорунун долбоорлорду башкаруу боюнча орун басары Владимир Бредов.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 24-июлунда Республиканын Президенти С.Жапаровдун басма сөз кызматы Кыргызстандын энергетика тармагына электр энергиясынын жетишсиздигине байланыштуу 3 жылга өзгөчө кырдаал режими киргизиле турганын билдирген. Өлкө бийлиги иштеп жаткан ГЭСтерди масштабдуу реконструкциялоодон, ошондой эле жаңыларын куруудан кийин электр энергиясынын тартыштыгы көйгөйү чечилет деп күтүүдө.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17