Аймак

КҮЧ ТҮЗҮМДӨРҮНҮН АРДАГЕРЛЕРИНИН ДАГЫ ПЕНСИЯСЫ КӨБӨЙТҮЛӨТ

КҮЧ ТҮЗҮМДӨРҮНҮН АРДАГЕРЛЕРИНИН ДАГЫ ПЕНСИЯСЫ КӨБӨЙТҮЛӨТ

 6 Бардыгы /

Күч түзүмдөрүндө иштеп пенсияга чыккан жарандардын пенсиясын көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.

Анын айтымында, күч түзүмдөрүндө иштеп пенсияга чыккан жана учурда иштебеген жарандардын акчасы көбөйтүлмөкчү.

«Азыр документ даярдап жатабыз. 1-октябрда ал президенттин кароосуна киргизилет»,- деди ал. ал.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык фонд Кыргызстандагы пенсионерлердин пенсиясы 1-октябрдан тарта көтөрүлөрүн кабарлаган. Ага ылайык пенсия 18%га, кеминде 1 миң сомго көбөйтүлөт. Пенсия көбөйтүлгөндөн кийин өлкөдөгү пенсиялар 6,9 миң сомдон кем болбой турганы айтылган.

Күч түзүмдөрүндө иштеп пенсияга чыккан жарандардын пенсиясы Социалдык фонд эмес, республикалык бюджеттин эсебинен төлөнөт. Мындан улам алар социалдык фонд тарабынан пенсиясы көтөрүлө турган пенсионерлердин катарына кирген эмес.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17