Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
31 Бардыгы / Ордолуу Ош шаарында Кыргыз кинологдорунун жана алардын кызматтык машыктырылган иттеринин III ведомстволор аралык мелдеши ийгиликтүү аяктады. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Мамлекеттик Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан кабарлашты. Мелдештин акырына дейре кайсыл команда жеңээри белгисиз эле. Адегенде Ички иштер министрлигине караштуу Мыйзамсыз маңзаттарын соодалоого каршы күрөшүү агенттигинин, Каржы министрлигинин алдындагы […]
32 Бардыгы / Ордолуу Ош шаарында Кыргыз кинологдорунун жана алардын кызматтык машыктырылган иттеринин III ведомстволор аралык мелдеши ийгиликтүү аяктады. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Мамлекеттик Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан кабарлашты. Мелдештин акырына дейре кайсыл команда жеңээри белгисиз эле. Адегенде Ички иштер министрлигине караштуу Мыйзамсыз маңзаттарын соодалоого каршы күрөшүү агенттигинин, Каржы министрлигинин алдындагы […]
КЫРГЫЗ КИНОЛОГДОРУ ОШТО МАШЫГЫШТЫ
15.10.2024 / Автор anarkan_kg33 Бардыгы /
Ордолуу Ош шаарында Кыргыз кинологдорунун жана алардын кызматтык машыктырылган иттеринин III ведомстволор аралык мелдеши ийгиликтүү аяктады. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Мамлекеттик Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан кабарлашты.
- Мелдештин акырына дейре кайсыл команда жеңээри
белгисиз эле. Адегенде Ички иштер министрлигине караштуу Мыйзамсыз маңзаттарын соодалоого каршы күрөшүү агенттигинин, Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик Бажы кызматынын командалары сап башында баратышкан. Бирок, кечээ соңку сааттарда күтүлбөгөн жагдай жүз берди. Алдыга УКМКнын алдындагы Мамлекеттик Чек ара кызматынын командасы дароо озуп чыкты. Ошентсе деле дагы бир моменттен жыйынтык көз каранды экендиги ачыкталды, – деди аталган мелдештин башкы калысы, полковник А. Абдылдаев .
Ошентип, үч күн бою Ички иштер министрлигине караштуу Мыйзамсыз маңзаттарын соодалоого каршы күрөшүү агенттигинин, Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик Бажы кызматынын жана дагы УКМКнын алдындагы Мамлекеттик Чек ара кызматынын командасы жүк ташуучу автоунаадагы, жеңил автомашинадагы жана бөлмөдөгү жүккө катылган маңзатын ыраса издешти. Мунун натыйжасында үйрөтүлгөн иттер өз милдеттерин так аткарышып, ошондой эле атайын тоскоолдуктарды дагы акыры багындырышты. Бул мелдешке немис жана бельгия тукумундагы иттер акттивдүү аралашты. Тапшырмалардын сапаттуу жана абдан так аткарылышын калыстар даана баалаганга бекем ыкташты. Мындан тышкары алар техникалык элементтердин жана эрежелердин дагы сакталышына өзгөчө басым жасашты. Соңунда көп жолку талаш-тартыштан кийин УКМКнын алдындагы Мамлекеттик чек ара кызматынын командасына биринчи орун ыйгарылды. Экинчи орунду Ички иштер министрлигине караштуу Мыйзамсыз маңзаттарын соодалоого каршы күрөшүү агенттигинин, ал эми үчүнчү орунду Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик Бажы кызматынын, төртүнчү орунду Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу кызматынын командасы ээлешти.
Ал эми жеке тартипте УКМКнын алдындагы Мамлекеттик чек ара кызматынын прапорщиги Н. Султанов биринчи орунду ээледи. Анткени, анын төрт буттуу Закат аттуу досу мыкты көрсөткүчтү жаратты. Ал эми экинчи орунга татыган Ички иштер министрлигине караштуу Мыйзамсыз маңзаттарын соодалоого каршы күрөшүү агенттигинин лейтенанты Б. Батыркул уулу Тина ити менен, үчүнчү орундуу ээлеген Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик Бажы кызматынын майору Н. Гладкова Герла ити менен дагы кызыктуу өнөрлөрүн – тактикалык чеберчиликтерин көрсөтүштү.
Ошентип, командалык жана жеке тартипте алдыңкы орундарды ээлегендерге атайын сыйлыктар, медалдар жана дипломдор тапшырылды. Ушуга улай ЕККУнун Программалык Кеңсесинин боюджеттик эмес долбоорунун Өкүлдөрү дагы жеңүүчүлөргө баалуу белектерин, иттерге атайын даярдалган кургак оокаттарды тартуулашты. Ведомстоволор аралык бул мелдешти ЕККУнун программалык кеңсеси каржылады жана жүзөгө ашырды.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
-
26.05.2025 / Автор anarkan_kg “АЛТЫН ТАМГА” ТЕСТИРЛӨӨСҮ ЖОЮЛДУ
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖОГОРКУ СОТ ЖУРНАЛИСТ ГҮЛЖАН ШЕРИПБАЕВАНЫ ТОЛУК БОЙДОН АКТАДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.