Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
10 Бардыгы / Соңку тапта кардарлар Борбор Азиядагы эң чоң Кара-Суунун, же болбосо Фергана өрөөнүндөгү ири Ош шаарынын базарына эмес, Араван базарына байма-бай каттап калышты. Эмнеге? Мунун чоо-жайын Араван базарын аста-секин аралап, андагы соодагерлерден жана дагы кардарлардан кенен-чонон сураштырдык. Матлюбахан АЛИМБЕКОВА, соодагер: – Аялзатына эң керектүү кийим—кечелерди атайылап барып Кара-Суу базарынан үргүлжүм (дүң) баада эле […]
11 Бардыгы / Соңку тапта кардарлар Борбор Азиядагы эң чоң Кара-Суунун, же болбосо Фергана өрөөнүндөгү ири Ош шаарынын базарына эмес, Араван базарына байма-бай каттап калышты. Эмнеге? Мунун чоо-жайын Араван базарын аста-секин аралап, андагы соодагерлерден жана дагы кардарлардан кенен-чонон сураштырдык. Матлюбахан АЛИМБЕКОВА, соодагер: – Аялзатына эң керектүү кийим—кечелерди атайылап барып Кара-Суу базарынан үргүлжүм (дүң) баада эле […]
АРЗАНЧЫЛЫК АРАВАН БАЗАРЫНДА
15.10.2024 / Автор anarkan_kg

12 Бардыгы /
Соңку тапта кардарлар Борбор Азиядагы эң чоң Кара-Суунун, же болбосо Фергана өрөөнүндөгү ири Ош шаарынын базарына эмес, Араван базарына байма-бай каттап калышты. Эмнеге? Мунун чоо-жайын Араван базарын аста-секин аралап, андагы соодагерлерден жана дагы кардарлардан кенен-чонон сураштырдык.


Матлюбахан АЛИМБЕКОВА, соодагер: – Аялзатына эң керектүү кийим—кечелерди атайылап барып Кара-Суу базарынан үргүлжүм (дүң) баада эле алым келемин. Анан булардын үстүнө көп деле нарк кошпоймун. Чынымды айтсам, жол киремди гана чыгарам. Кээ-кээде ак көңүлүм кармаганда, товарымды кардар жалдырап сураган баада эле сатып иймей адатым бар. Муну билип-көргөн коңшуларым – соодагерлер мени өлө тилдеп-урушуп эле жатып калышат. Эң башкысы: адатымча мыйзам чегинде моминтип такай ККМ (көзөмөл-кассалык машинаны) үзгүлтүксүз колдоном.


Аскар ТУРАЕВ, соодагер: – Мен жайындасы талаалап безип кетемин. Анткени, алыскы жайлоолорду жана тоолорду зерикпестен кыдырып, дары чөптөрдү терип-жыйнамын. Анан буларды атайын дардаган жайда кургатып, өзүнчө температурада сактаймын. Керек кезде тамыр кармап, табыпчылык деле кыламын. Жашырып не: фармацевдик билимим бар. Ошондуктан, мунун пайдасын азыр куп гана тийип жаткан чагы.


Башаратхан АРТЫКБАЕВА, соодагер: – Мен Араван базарында акыркы он-он беш жылдан бери соодагерчилик менен алектенем. Албетте, дал ушул жерден агарып-көгөрдүм. Анан дагы баар таптым. Эң кейиштүүсү: инфлияция балакети акыркы кезде шаштыбызды куп гана кетирип, айлабызды таптакыр курутуп атат. Бирок, муну шылтоолоп, үстөк бааны көбөйтө элекпиз. Эгерде ошентсек, туруктуу кардарларыбызды биротоло жоготобуз. Ушундан чоочулап олтурабыз.


Асылкан ТЕМИРБАЕВА, кардар: – Мен Ош шаарынын тургунумун. Кара-Суу базары дайыма тыгын. Кирсең, чыгышың чындап азап! Ал эми Ош шаарынын борбордук базарын калаа чекесине көчүрөбүз деп атышат. Ал деле бүт башаламан. Издегениңди кечке темселеп жүрүп, ит менен издеп дагы таппайсың. А Араванда баары ирээттелген. Тартип бекем. Оңуп эле калдык. Анын үстүнө Ош шаарына дагы абдан жакын.


Карынбай МЕРГЕНЧИЕВ, кардар, Өзбекстан республикасынын Асака районунун тургуну: – Кыргыз-Өзбек чекара бекеттери ачылып, мурункудай кыйналбай-этпей каттап калдык. Ары-бери эч кандай тоскоолдуксуз эле, паспортубузду гана көрсөтүп беймарал каттап атабыз. Товарлар Араванда апарзан. Анан дагы – кеми бар. Соодалашып атып, баарын тең түшүрсөң болот. Ылайым эки өлкөнүн каттоосу мындан ары эч үзүлбөсүн! Коңшулаш калктардын достугу улам арта берсин!
Айтмакчы, берекелүү “Араван базары” аймактагы “Араван кооперативи” биримдигине карайт экен. Бул – илгерки СССР маалындагы Керектөөчүлөр Биримдигинин (ПотребСоюздун – автор) мураскору. Кепке аталган “Араван базарынын” директору Адахамжан АКМАТЖАНОВ өзү аралашты.


- Көрдүңүздөр го. “Араван базары” абдан чакан. 140 гана
орундуу. Биздин уюм ар бир соодагер менен түзүлгөн атайын келишимдин негизинде гана иштешип келатат, – деди “Араван базарынын” директору Адахамжан АКМАТЖАНОВ. – Байкагандырсыз.ККМ (көзөмөл-кассалык машина) ар бир соодагердин колунда жүрөт. Анын үстүнө бул жабдыктын бары-жогун биз эле эмес Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү дагы үзгүлтүксүз текшерип турушат. А бул жагынан оңуп эле калбадыкпы. Мурункудай баа талашып ызылдашмай, уруш-талаш дээрлик жок!
Баса, айтылуу “Араван базарынын” жетекчиси Адахамжан АКМАТЖАНОВ тээтигил Союз маалында коңшулаш Өзбекстандагы Самарканд шаарынын кооперативдик институтун бүтүргөн. Ошондуктан, 1982-жылдан тартып бир гана ушул системада – кооператив тармагында үзүрлүү эмгектенип келатат. А чындыгында жогорку билимдүү базаркомду Кыргызстанда ит менен издеп жүрүп дагы таппайсың. Болбосо, өлкөбүздөгү бардык базарларды эч кандай дипплому жоктор деле башкарып жүрүшпөйбү…
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
07.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН ЭҢ АЛЫСКЫ КОНУШТАРЫНДА КӨЧМӨ КЛИНИКА ИШКЕ КИРИШТИ
-
18.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖКККББ: КАЙДЫГЕР БОЛБОЙ, КАЙРЫМДУУ БОЛОЛУ
-
27.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШТО ЭКИ ЖЕРДЕН ӨРТ ЧЫГЫП, ЧЕКТӨӨГӨ АЛЫНДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.