Аймак

МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН БАЛДАРЫ ҮЧҮН 120 ОРУНДУУ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН БАЛДАРЫ ҮЧҮН 120 ОРУНДУУ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

 3 Бардыгы /

Бүгүн, 21-октярда  Жалал-Абад шаарында Ички иштер министрлиги тарабынан каржыланган, мурунку шаардык ички иштер бөлүмүнүн имараты толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 120 орундуу бала бакча катары пайдаланууга берилди.

Салтанаттуу ачылышка Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, жергиликтүү бийлик жана тармактын ардагерлери катышты.

Иш-чарада аталган ачылыш милиция кызматкерлеринин сапаттуу ишин камсыздоо, Кыргыз милициясынын 100 жылдыгынын алкагындагы дагы бир жакшы жышаан экени белгиленди.

Имаратты оңдоп-түзөө иштерине ИИМ тарабынан 50 млн. сом акча карадаты ажыратылган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17