Аймак

ОШ ОБЛУСУНУН 6 АЙЫЛЫНЫН ЖАШООЧУЛАРЫ ТАЗА СУУ МЕНЕН КАМСЫЗ ЭТИЛДИ

ОШ ОБЛУСУНУН 6 АЙЫЛЫНЫН ЖАШООЧУЛАРЫ ТАЗА СУУ МЕНЕН КАМСЫЗ ЭТИЛДИ

 6 Бардыгы /

Ош облусунун Ак-Жай, Кичи-Каракол жана Кыр-Кол айылдарында 3 424 жаран таза суу менен камсыз этилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, курулуш иштери толук бүткөрүлүп, таза суулар пайдаланууга тапшырылды. Жалпысынан 17 миң метрден ашык суу түтүктөрү орнотулуп, суу сактоочу жай, 2 даана суу резервуары жана хлоратр жайы курулуп, 32 кудук орнотулду.

Ошондой эле Ош облусунун Кара-Шоро, Арпа-Тектир жана Боз-Караган айылдарында дагы курулуш иштери толук бүткөрүлдү. Жалпысынан 20 миң 175 метр ичилүүчү суу түтүктөрү орнотулуп, 37 кудук, суу резервуар, хлоратр жайы жана суу сактоочу жай курулду.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17