Аймак

«ОШ-БАТКЕН-РАЗЗАКОВ» АВТОУНАА ЖОЛУНУН КАЛГАН БӨЛҮГҮ КЕЛЕРКИ ЖЫЛДЫН 1-ИЮЛУНА ДЕЙРЕ БҮТКӨРҮЛӨТ

«ОШ-БАТКЕН-РАЗЗАКОВ» АВТОУНАА ЖОЛУНУН КАЛГАН БӨЛҮГҮ КЕЛЕРКИ ЖЫЛДЫН 1-ИЮЛУНА ДЕЙРЕ БҮТКӨРҮЛӨТ

 3 Бардыгы /

«Ош-Баткен-Раззаков» автоунаа жолунун калган бөлүгү келаткан 2025-жылдын 1-июлуна дейре бүткөрүлөт. Бул туурасында Транспорт министрлигинин башчысы Абсаттар Сыргабаев билдирди.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев Ош-Раззаков автоунаа жолунун 19 чакырымдык Ноокат бөлүгүн ачкан. Баткен районунун Караван айылына дагы 28 чакырым жол бар. иЖогорку Кеңеш депутаты Бакытбек Марипов бул жолду негизинен Баткен жана Ош облустарынын тургундары гана пайдалана тургандыгын баса белгилеп, курулуштун мөөнөттөрүн жана сапатын көзөмөлдөөнү суранган.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Жапония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) Ош-Баткен-Раззаков автоунаа жолунун курулушуна 133,58 миллион доллар ажыраткан. Анын 50 миллион доллары Ноокаттагы жолдун курулушуна (28-чакырымдан 75-чакырымга чейин) бөлүнгөн.  Ал эми Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Айбек Осмонов буга чейин демөөрчүлөр 110 миллион доллар бөлүп бергени менен Транспорт министрлиги трассаны курууга беш жылдан бери тендер өткөрбөй жаткандыгына нааразыланган. Ушундан соң гана аталган башкармалыктын башчысынын орун басары Ырысбек Бариев «Ноокат шаарына мамлекеттик бюджеттин эсебинен 13 чакырым жол курууну чечтик!» деп жооп кайтарган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17