Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
1 Бардыгы / Ош облусунун казысы Абибилла КАДЫРБЕРДИЕВди жумуш ордунан табуу абдан эле кыйын. Анткени, таксыр акыркы кезде Кыргызстандагы эң чоң Аймакты чекесинен түрө кыдырып, президент Садыр Жапаровдун маркумду акыркы сапарга узатууда ыксыз чыгымдарга жол бербөө, ошондой эле аш-тойлордогу ысырыпкорчулуктун алдын алуу, мындан тышкары үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекем сактоо жаатындагы Жарлыктарынын аткарылышына көмөктөшүү максатында жергиликтүү тургундар менен […]
2 Бардыгы / Ош облусунун казысы Абибилла КАДЫРБЕРДИЕВди жумуш ордунан табуу абдан эле кыйын. Анткени, таксыр акыркы кезде Кыргызстандагы эң чоң Аймакты чекесинен түрө кыдырып, президент Садыр Жапаровдун маркумду акыркы сапарга узатууда ыксыз чыгымдарга жол бербөө, ошондой эле аш-тойлордогу ысырыпкорчулуктун алдын алуу, мындан тышкары үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекем сактоо жаатындагы Жарлыктарынын аткарылышына көмөктөшүү максатында жергиликтүү тургундар менен […]
Абибилла КАДЫРБЕРДИЕВ: “ДИН ӨКҮЛДӨРҮН АГАРТУУГА БЕКЕМ ЫКТАДЫК!”
25.11.2024 / Автор anarkan_kg3 Бардыгы /
Ош облусунун казысы Абибилла КАДЫРБЕРДИЕВди жумуш ордунан табуу абдан эле кыйын. Анткени, таксыр акыркы кезде Кыргызстандагы эң чоң Аймакты чекесинен түрө кыдырып, президент Садыр Жапаровдун маркумду акыркы сапарга узатууда ыксыз чыгымдарга жол бербөө, ошондой эле аш-тойлордогу ысырыпкорчулуктун алдын алуу, мындан тышкары үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекем сактоо жаатындагы Жарлыктарынын аткарылышына көмөктөшүү максатында жергиликтүү тургундар менен бетме-бет жолугушууларды абдан активдештирди. Ошондой бир жыйындын соңунда гана Абибилла мырзаны эптеп кармап, андан ары капыл-тапыл кепке тарттык.
-Абибилла мырза, Сизди Кыргызстандагы эң чоң Ош облусунун казылыгына – мусулмандардын башчылыгына ким сунуш этип, дайындады экен?
-Жалпыга маалым. Мен 2021-жылдын 27-июнунан тартып Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын – Муфтийдин орун басарлык кызматын абийирдүү аркалап келаткамын. Ошондуктан, ушул жылдын 5-апрелинен баштап Муфтийдин буйругуна ылайык Ош облусунун казылыгына дайындалдым.
-Биздин билишибизче, Сиздин эки жогорку билимиңиз бар. Андыктан, жумушуңузда булардын деле куп гана пайдасы тийип жаткандыр?
-Ананчы! Адегенде Бишкек шаарындагы “Расул Акрам” Ислам институтун бүтүргөмүн. Анан кийинчерээк Жалал-Абад шаарындагы К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин бухгалтердик эсеп, аудит жана анализ факультетин аяктагамын. Адистигим – экономист. Мурунку жана дагы кийинки кызматтарымда бул экөөнүн тең куп гана пайдасы тийип атат.
-Мурун дин ишмерлери, айрыкча, облус жана район казылары эч качан эл аралашчуу эмес. А Сиздер муну ушул тапта кадимки өнөктүккө айлантып олтурасыздар? Эмнеге?
-Чындыгында, туура эле баамдапсыз, соңку тапта дин өкүлдөрү элди кыдырбагандыктан, карапайым калктан биз абдан эле алыстап кетиппиз. Ошондуктан, эми минтип Ош облусунун жетекчилери, ар бир райондун акимдери, мындан тышкары УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен айыл-кыштактарды түрө кыдырып, ачык-айкын жолугушууларды үстөккө-босток уюштуруп жатабыз. Айрыкча маркумду акыркы сапарга узатуудагы ашкере чыгымдарды, ошондой эле аш-тойлордогу эптүү эмес ысырыпкорчулукту тыюуга – жөнгө салууга аракетибиз абдан күч! Ушуга улай эле мекендештерибизге Ислам баалуулуктары туурасында кең-кесири маалыматтарды дагы таратып, аларды коом алдында жоопкерчиликтүү болууга дагы ыктатып жатабыз.
-Танып не. Ош облусунун район-шаарларында жана айыл-кыштактарында деле дин өкүлдөрү абат эмес! Сабатсыздар, албетте, сөзсүз табылат. Буга макулсузбу?
-Туура эле баамдапсыз. “Кой аксагы менен – жүз” дегендей, сабаттуу дин өкүлдөрү деле текши эмес. Ошол себептүү биз дагы молдолорубузду жана казыларыбызды катарынан окутуп, аларды тегиз агартууга бекем ыктадык.
-А, баса, чек арачылар менен деле эмне максатта жолугушуп атасыздар?
-Кыргыз чек арачылары дал азыр биздин ысык-суугубузга чыдап, эли-журтубуздун коопсуздугун такай гана камсыз этип келатышат. Чындыгында, жоокерлерибиздин бүгүнкү кызматы – абдан сооптуу иш. Маселен, пайгамбарыбыз Мухаммад (С. А. В.) Хадисинде тозок отун көрбөйт деп айтылган эки көздүн бири – дал ушул чек арачылардын көздөрү. Анткени, Ата Мекенибиздин бейпилдиги ибадаттарды жана жакшылыктарды үзгүлтүксүз сактап турат. Ал эми биздин динибиз деле жаштарыбызды Мекенди сүйүүгө, андан ары аны көздүн карегиндей сактоого гана үндөйт!
-Баса, Ош жергесинде диний экстремисттик агымдар улам арбып гана баратат. Буларды неге күчөй элегинде ооздуктап турбайсыздар?
-Маалыматка караганда, Ош облусунда диний экстремисттик өңүттөгү агымдар дагыле бар. Биз буларга каршы күрөштү – калк арасында түшүндүрүү жана ынандыруу жараянын ого бетер күчөттүк. Мындайча айтканда, агартуу ишин бир жаңсыо жолго койдук.
Ал эми диний экстремиттерди мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу – бул укук коргоо органдарынын вазийпасы. Ошол себептүү ички иштер органдары, мамлекеттик коопсуздук кызматы жана дагы прокуратура деле жамбаштап жатышпастан, өлкөбүздүн коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурган мындай диний экстремисттерге каршы келишкис түрдө жана дагы ырааттуу күрөш жүргүзүп жатышат.
-Айтмакчы, медреселердин окуу жана жашоо шарттары, ошондой эле мечиттердеги масилеттер Сиздердин көңүлүңүздөрдүн борборундадыр?
-Ош облусунда жалпы жонунан 46 медресе, ошондой эле 1038 мечит бар. Биз диний медреселердеги окуу-тарбия шарттарын, уруксатсыз китептерди таптакыр окутпоону, тайпалардын журналдарынын эрежеге ылайык толтурулушун, киреше-чыгаша чыгымдарын, тиешелүү расмий кагаздардын мамлекеттик кыргыз тилинде толтурулушун тыкыр гана көзөмөлдөп турабыз. Буга улай медреселердин ар бирине видеобайкоо жабдыктарын орнотконбуз. Ушундай эле талап мечиттерденн дагы тынымсыз суралып турат.
-Абибилла мырза, Сизде деле пендесиз да. Башыңызга кокусунан мүшкүл түшсө, негизи кимге кайрылып, сыйынасыз?
-Эң ириде мындай балакеттен Кудай өзү сактасын! Кокусунан ошондой кырдаал жаралса, албетте, адегенде Аллахка жалынам. Жанагындай жаман илдеттерден бизди, жамы мусулмандарды, жалгыз гана Кудай өзү сактайт жана арачылап, куткарат!
МАЕКТЕШ ЖӨН/НДӨ МААЛЫМАТ
Маектешибиз – Ош облусунун казысы Абибилла КАДЫРБЕРДИЕВ 46 жашта. Киндик каны Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Жаңы-Жер айылында тамган. Көркөм кооздоочу өнөрү бар. 2019-2021-жылдары Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешине төрагалык кылган. Араб, түрк, орус жана өзбек тилдеринде эркин сүйлөйт.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
25.11.2024 / Автор anarkan_kg Абибилла КАДЫРБЕРДИЕВ: “ДИН ӨКҮЛДӨРҮН АГАРТУУГА БЕКЕМ ЫКТАДЫК!”
-
25.11.2024 / Автор anarkan_kg ТОКТОГУЛДА АЛДАМЧЫ АЯЛ КАМАЛДЫ
-
-
-
-
30.08.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ЛЕЙЛЕКТЕГИ ЖАПАДАН ЖАЛГЫЗ ЛИЦЕЙ АВАРИЯЛЫК АКЫБАЛДА
Маек
КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА!
Кыргызстандын Түштүк башкалаасында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында эмгектенип жатышкан…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.