Аймак

ОШТО КӨМҮРДҮН БААСЫН АШЫРЫП СООДАЛАГАНДАРГА АЙЫП ПУЛ САЛЫНДЫ

ОШТО КӨМҮРДҮН БААСЫН АШЫРЫП СООДАЛАГАНДАРГА АЙЫП ПУЛ САЛЫНДЫ

 3 Бардыгы /

Ош облусунун булун-бурчунда көмүрдү мамлекете белгилеген баасынан ашарып саткандарга айып пул салынды. Бул туурасында Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, соңку күндөрдө Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев жана бир катар тиешелүү жетекчилер Кара-Суу, Ноокат жана Араван райондорундагы көмүр сатуучу жайларда көмүрдүн баасына тегиз мониторинг жүргүзүштү. Күз жана кыш мезгилинде көмүргө коюлган бааны тексеп-көзөмөлдөп, туруктуу кармоо жана бааны өтө эле көтөрүп жиберүүлөрдү алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Аталган мониторингдин жыйынтыгында көмүрдү белгиленген баадан ашырып сатышкан соодегерлерге айып пулдар салынды. Белгилей кетчү жагдай: ушул тапта Ош облусунун аймактарынла жалпы жонунан 138 көмүр сатуу базалары ачылып, туруктуу иш алып барышууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17