Аймак

ӨЗГӨНДӨ АЙЛАНМА АВТОЖОЛ САЛЫНЫП БҮТТҮ. ЖАКЫНДА ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛАТ

ӨЗГӨНДӨ АЙЛАНМА АВТОЖОЛ САЛЫНЫП БҮТТҮ. ЖАКЫНДА ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛАТ

 3 Бардыгы /

Ош облусунун Өзгөн районундагы айланма автожолдун курулушу толук бойдон аяктады. Бул туурасында Президенттин Ош облусундагы Өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган айланма жол жакын арада пайдаланууга тапшырылат. Бул чоң автотрассанын узундугу 14 чакырым, туурасы 22 метрди түзөт. Ошондой эле жолго 200 жана 97 метрден турган эки көпүрө дагы салынган. Ушул тапта айдоочулар үчүн төлөм бекетин орнотуу иштери кызуу жүрүүдө.

Белгилей кетчү жагдай: Ош облусунун Өзгөн районундагы айланма автожол Кыргызстандагы алгачкы акы төлөнүүчү трасса болмокчу. Жаңы жол пайдаланууга тапшырылса, Бишкек-Ош каттамындагы айдоочулар Өзгөн шаарына кирбестен эле аталган айланма жол аркылуу каттап, тыгын бир топ азаят жана жол коопсуздугу дагы ого бетер жакшырат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17