Аймак

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮК АЙМАКТАРЫНДА АВТОЖОЛДОРДУ АСФАЛЬТТОО ЖАРАЯНЫ КЫЗЫДЫ

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮК АЙМАКТАРЫНДА АВТОЖОЛДОРДУ АСФАЛЬТТОО ЖАРАЯНЫ КЫЗЫДЫ

 3 Бардыгы /

Кыргызстандын Түштүк аймактарында автоунаа жолдорун тегиз асфальттоо иштери абдан кызуу жүрүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашкандай, Ош облусундагы Өзгөн – Кеңеш – Айгыр-Жал унаа жолун асфальтталууда. Жумуштар №5 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Капиталдык салымдар беренесинин эсебинен аталган жолдун 3 чакырымын асфальттоо каралып, ушул тапта 1,5 чакырым аралыгы дээрлик бүткөрүлдү.

Буга улай эле Кара-Кулжа – Сары-Камыш автоунаа жолунда дагы асфальт басуу дээрлик аягына чыгып калды. Бүгүнкү күндө 3,8 чакырым жолдун №26-Жол тейлөө ишканасы тарабынан 3,4 чакырымында иштер толук кандуу бүткөрүлдү. Мындан тышкары Жалал-Абад облусундагы Кербен шаарынын Баетов көчөсүндө жана Кербен-Үч-Коргон-ГЭС автоунаа жолунда асфальт төшөө иштери дагыле улантылууда. Жерине №12-Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар толук кандуу тартылган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кошумчалашкандай, автожолдорду асфальттоо жумуштары Баткен облусунда дагы жүргүзүлүп, бул жараян №2-Жол тейлөө ишканасы тарабынан абдак активдүү аткарылууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17