Аймак

ЫЛАЙ – ТАЛАА – ГҮЛЧӨ АВТОУНАА ЖОЛУНДА ЖЕР КӨЧКҮ ЖҮРҮП, ЖОЛ ЖАБЫЛДЫ

ЫЛАЙ – ТАЛАА – ГҮЛЧӨ АВТОУНАА ЖОЛУНДА ЖЕР КӨЧКҮ ЖҮРҮП, ЖОЛ ЖАБЫЛДЫ

 3 Бардыгы /

Соңку сааттарда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа – Гүлчө автоунаа жолунун 4,8-чакырымында жер көчкү түшүп, жолдун аталган бөлүгүн бүтүндөй жаап таштаган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жер көчкүнүн көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 35 миң м3ден ашык. Ошондуктан, аталган тилкедеги өтмөк убактылуу жабылды. Авто унаалар «Шаркыратма» ички чарбалык жолу аркылуу айланып өтүүдө.

Айтмакчы, ушул тапта Кара-Кулжа районундагы №26-жол тейлөө ишканасынын жумушчулары аталган жол тилкесин катарынан тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатышат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17