Аймак

ЭКОНОМИСТ ЖАНА ЮРИСТ – ӨЗГӨН РАЙОНУНУН АКИМИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ

ЭКОНОМИСТ ЖАНА ЮРИСТ – ӨЗГӨН РАЙОНУНУН АКИМИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ

 3 Бардыгы /

Акыркы беш жыл бою Ош облусуна караштуу «Өзгөн-Таза суу» муниципалдык ишканасын жетектеген Азамат Дүйшеев Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басарлыгына дайындалды. Баса, аймактык жаңы жетекчи – экономист жана юрист кесиптеринин ээси.

Азамат Дүйшеев мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн райондук жана Ош шаардык башкармалыгында тескөөчү, Мамлекеттик катттоо кызматында топограф, жеке ишкер, Өзгөн районуна караштуу Ийри-Суу Айыл Өкмөтүнүн башчысы,  Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинде бөлүм башчы кызматтарын аркалаган.

Айтмакчы, Азамат Дүйшеев Өзгөн районундагы Ийри-Суу Айылдык Кеңешинин эки жолку чакырылышынын дагы депутаты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17