Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫНЫН ОТУ ЖАНДЫРЫЛДЫ
БИШКЕКТЕ III ЭЛДИК КУРУЛТАЙ БАШТАЛДЫ
КЫРГЫЗ ЭНЕРГЕТИКАСЫНА 90 ЖЫЛ
АСКЕР ПРОКУРОРУНУН КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
1 Бардыгы / Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын ыкчам башкаруусунда жалпы жонунан 112 от казан бар. А булардын 20 чактысы – электр эжнергиясы, ал эми 92си – көмүр менен гана жылытылат. Булар күнү-түнгү тынымсыз иштеп, калкты жана мекеме-ишканаларды кантип үзгүлтүксүз жылытып жатышты экен? Жооптуу аталган ишкананын директору Нусуп ЖОЛДОШБАЕВдин өз оозунан тыңдадык. – Нусуп […]
2 Бардыгы / Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын ыкчам башкаруусунда жалпы жонунан 112 от казан бар. А булардын 20 чактысы – электр эжнергиясы, ал эми 92си – көмүр менен гана жылытылат. Булар күнү-түнгү тынымсыз иштеп, калкты жана мекеме-ишканаларды кантип үзгүлтүксүз жылытып жатышты экен? Жооптуу аталган ишкананын директору Нусуп ЖОЛДОШБАЕВдин өз оозунан тыңдадык. – Нусуп […]
Нусуп ЖОЛДОШБАЕВ: «ОШТУКТАР КЫШ БОЮ ҮШҮБӨЙТ!»
23.12.2024 / Автор anarkan_kg3 Бардыгы /
Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын ыкчам башкаруусунда жалпы жонунан 112 от казан бар. А булардын 20 чактысы – электр эжнергиясы, ал эми 92си – көмүр менен гана жылытылат. Булар күнү-түнгү тынымсыз иштеп, калкты жана мекеме-ишканаларды кантип үзгүлтүксүз жылытып жатышты экен? Жооптуу аталган ишкананын директору Нусуп ЖОЛДОШБАЕВдин өз оозунан тыңдадык.
– Нусуп мырза, 2024-2025-жылдардагы жылытуу мезгилине деги Сиздер дапдаяр белеңиздер? Дегеним быйыл кыш Ош шаарына жылдагыдан эрте түшпөдүбү?
– Ананчы! 2024-2025-жылдардагы жылытуу мезгилин эч кынтыксыз өткөрүү максатында жалпы жонунан 15,5 тонна (мунун ичинде 12,5 тонна БСШ, а 3 миң тонна БР) көмүр отунун сатып алууга тендер жарыялаганбыз. Жыйынтыгында – «Дастан Плюс» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган. Аны менен өз ара келишим түзгөнбүз. Буга ылайык үстүбүздөгү жылдын акыркы айларында эле ишканабызга 13 200 тонна көмүр алынып келинди. Былтыркыдан деле 7 981 тонна «кара алтындын» калдыгы бар.
– Оштогу муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасы деги канчалаган үйлөрдү-турак жайларды жана дагы мекеме-ишканаларды кыш бою жылытасыздар?
– Быйыл биз керектчөөчүлөрүбүзгө үзгүлтүксүз жылуулук берүүнү эртерээк, тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын 30-октябрынан эле баштадык. Анткени, көрдүңүзөдөр го, Ош шаарына суук мөөнөтүнө мурда баш бакпадыбы. 309 көп кабаттуу жана дагы 270 менчик үйлөрдөн тышкары 116 мекемени (45 мектепти, 43 балдар бакчасын, 7 медиицналык мекемени, 9 жогорку окуу жайын, 2 кесиптик лицейди, 7 административдик имаратты. 3 китепкананы, 1 көзү азиз жана көрүүсү начар балдар интернатын, «Боорукердик» карылар үйүн-интернатын) дагы кошо жылытабыз. Ошондо ушул жылы биздин туруктуу керектөөчүлөрүбүздүн саны дээрлик 14 829ду чапчып олтурат.
– Баса, жеке үйлөрдүн тургундары Сиздердин үстүңүздөрдөн дайыма абдан көп даттанышат. «Жылуулук бербестен эле, акча доолашат!» дешкени чындыкка коошобу?
– Көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарына көрсөтүлүп жаткан кызматыбыздын сапатын мыктылап көтөрүүгө биз деле, чындыгында, абдан кызыкдарбыз жана аракетибиз абдан күч! Ишканабызда бул өңүттө атайын «/йлөрдүн ички тутумдарын тейлөө» кызматын түзгөнбүз. Себеби, биз үйдүн эле элеваторуна дейре эле нормадагы жылуулукту берсек дагы, үйдүн ичиндеги жылуулук тутумдары ойдогудай болбосо, үйлөрдөгү жылуулук талапка таптакыр жооп бербейт! Ошол себептүү көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарынын арасында түшүндүрүү жана ынандыруу жараянын ого бетер күчөттүк. 309 көп кабаттуу үйлөрдүн 181и менен ички тутумдарды тейлөө жаатындагы а түгүл келишим дагы түзүп, ырааттуу түрдө иштеп жатабыз.
– Сиздердин ишканаңыздардын алдындагы «/йлөрдүн ички тутумдарын тейлөө» кызматы кандайча өңүттө иш алып барат?
– Биз «/йлөрдүн ички тутумдарын тейлөө» кызматын түптөгөндөн тартып 24 көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрүндөгү жылуулук тутумдарын кош каржылоо ыкмасында тегиз капиталдык ремонттон өткөрдүк. Мунун ичинен 5 үйдүн жертөлөсү быйыл оңдолуп-түзөлдү. Ушул долбюоорго ылайык биздин аталган кызматыбыздын сапаты дагы кыйла жогорулады. Долбоор адеп ишке киргизилгенде эле, керектөөчүлөрдөн бир сезондо 1200-1600 даттануу түшсө, ал эми быйыл 387 гана арыз каттталды. Демек, көрсөткүч – арыз-муңдар дээрлик төрт эсе кыскарды. Бул – жакшы жышаан, иштин натыйжасы!
– «Кырсык – каш-кабактын ортосунда» дешет. Кокус керектөөчүлөрдүн тутуму үзгүлтүккө учурап, алар кычырыган кышта суукта калышса кантесиздер?
– Биз керектөөчүлөрүбүздү жылуулук менен үзгүлтүскүз камсыз кылуу максатында Оштогу муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын алдында көп кабаттуу үйлөрдөгү аварияларды ыкчам оңдоп-түзөөгө багыттылган атайын бригада иштейт. Бул бригаданын курамында слесарь, ширетүүчү, электрик жана нөөмөттөгү автоунаа бар. Мындан тышкары ишканабызда булардын кыймыл-аракетин дагы такай көзөмөлдөгөн инженердик-техникалык кызматкерлердин нөөмөтчүсү бар.
– А кээде эртең менен жана кечинде бир-эки сааттан электр энергиясы өчүрүлүп атпайбы. Ошондо Сиздер кантесиздер?
– Ооба. Ош шаарында күн сайын эртең менен жана кечиндеси электр энергиясы өчүрүлүп жатат. Мунун кесепетинен от каналарыбыз дагы дароо токтоп, жылуулук үзгүлтүккө учураган фактылар бар. Ал эми кайрадан жылуулук бергичеңди, көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулук тутумдарына аба туруп калып, муну кайрадан калыбына келтиргиче бир топ убакытты коротуп гана атабыз.
– Нусуп мырза, мурун шаар боюнча 13 көзөмөлдөөчүңүздөр. мындайча айтканда, текшерүүчүлөрүңүздөр бар эле. Эми булардын ордуна 7 юристти тескөөчү сыңары пайдаланып жатыпсыздар? Эмнеге?
– Жанагыл 13 көзөмөлдөөчү-текшерүүчү биздин үмүтүбүздү толук кандуу актаган жок! Ошондуктан, булардын ордун жоюп, а түгүл санын дагы дээрлик кыскартып, 7 юристти тескөөчүлүккө жайгаштырдык. Бул аркылуу карыздарды өндүрүүнү акыры кыйла жеңилдеттик.
Учурдан пайдаланып айтып коюуга тийишмин: отканаларга бүт санариптештирилген камераларды дагы орноттук. Мындан ары от жаккандардын (кочегарлардын) ар бир кыймылынан бери ишканабыздын диспетчери кеңсесинде эле олтуруп үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турат.
МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
Маектешибиз – Оштогу муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын директору Нусуп ЖОЛДОШБАЕВ … жашта. Кесиби – энергетик, магистир жана юрист. ОшТУну жана ОшМУну бүтүргөн уникалдуу жетекчи. Эми бул азамат аталган ишкананын алга сүйрөйт деген терең ишеничтебиз!
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
23.12.2024 / Автор anarkan_kg Нусуп ЖОЛДОШБАЕВ: «ОШТУКТАР КЫШ БОЮ ҮШҮБӨЙТ!»
-
23.12.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ЭТ АЗЫКТАРЫН ЧЫГАРГАН ЦЕХ ИШКЕ КИРИШТИ
-
23.12.2024 / Автор anarkan_kg ОШТО ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫНЫН ОТУ ЖАНДЫРЫЛДЫ
-
-
-
05.06.2024 / Автор anarkan_kg САКТАНГАН АДАМДЫ КУДАЙ САКТАЙТ!
Маек
Уланбек МЫРЗАМУДИН уулу: “АТАМДЫ КӨРГӨН ӨЛБӨСҮН!
Ош облусуна караштуу Ноокат райондук электр тармактары ишканасы бир…
-
06.12.2024 / Автор anarkan_kg Жумабай ТОКТОСУНОВ: “КАРА-КУЛЖА СУГАТ СУУГА ЗАР ЭМЕС!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.