Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
28 Бардыгы / Кымбаттуу мекендештерим! УрматтууЖалал-Абад шаарынын тургундары жана коноктору! Сиздерди кирип келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Убакыт билинбестен зымырап өтүп, сиздер менен дагы бир жылды артка таштап, жаңы – 2025-жылдын босогосун аттаганы турабыз. Жаңырган жыл өлкөбүз үчүн, анын ичинде Жалал-Абад шаарыбыз үчүн жакшылыктардын, ийгиликтердин жылы болсун. Албетте, узап бара жаткан жыл да […]
29 Бардыгы / Кымбаттуу мекендештерим! УрматтууЖалал-Абад шаарынын тургундары жана коноктору! Сиздерди кирип келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Убакыт билинбестен зымырап өтүп, сиздер менен дагы бир жылды артка таштап, жаңы – 2025-жылдын босогосун аттаганы турабыз. Жаңырган жыл өлкөбүз үчүн, анын ичинде Жалал-Абад шаарыбыз үчүн жакшылыктардын, ийгиликтердин жылы болсун. Албетте, узап бара жаткан жыл да […]
АР БИР ИНСАНДЫН ТИЛЕГИ ОРУНДАЛСЫН!
31.12.2024 / Автор anarkan_kg30 Бардыгы /
Кымбаттуу мекендештерим!
УрматтууЖалал-Абад шаарынын тургундары жана коноктору!
Сиздерди кирип келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Убакыт билинбестен зымырап өтүп, сиздер менен дагы бир жылды артка таштап, жаңы – 2025-жылдын босогосун аттаганы турабыз.
Жаңырган жыл өлкөбүз үчүн, анын ичинде Жалал-Абад шаарыбыз үчүн жакшылыктардын, ийгиликтердин жылы болсун.
Албетте, узап бара жаткан жыл да Жалал-Абад шаары үчүн, шаарыбыздын жашоочулары үчүнтарыхый көз ирмемдер менен коштолгон, ийгиликтүү жылдардан болду десем жаңылышпайм.
Анткени, Президентибиз Садыр Нургожоевичтин демилгеси менен өлкөбүздө админстративдик-аймактык реформа жүргүзүлүп, анын натыйжасында шаарыбыздын аймагы 8772 гектардан 12700 гектарга чоңойду. Ал эми шаар калкынын саны реформага чейин 130 миң 899 адамды түзгөн болсо, учурда шаар калкынын саны 180 миң 392 адамды түзүп, шаарыбызда жаңы эки аймактык башкармалык – Молдомуса Конгантиев атындагы жана Көк-Арт аймактык башкармалыктары түзүлдү.
Кыргызстан менен Орусиянын аймактарынын достук паркын ачтык.Кинотеатр менен таштандыны кайра иштетүүчү завод курдук. Бир катар негизги жолдорубузду реконструкциялоодон өткөрдүк.
Жалпы жонунан алганда өнүгүү жолуна түшкөн өлкөбүздүн бир бутагы катары биздин Жалал-Абд шаары да жылдан-жылга өсүп-өнүгүүдө.
Дагы бир кубануу менен айта турчу нерсе – бул шаарыбыздын бюджети. Анткени, буга чейин шааарыбыздын бюджети жөнүндө сөз болгондо “миллион сом” деген гана сөздү пайдаланат элек. Ал эми 2024-жылы болсо, бюджетибиз алгачкы ирет 1 миллиард сомдон ашып, бюджетибиз жөнүндө кеп болгондо“миллиард сом” деген сөздү пайдалана баштадык.
Буйруса, 2025-жылы шаарыбыздын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык абалын мындан да жакшыртып, дүйнө эли тааныган, дүйнө эли суктанган, туристтер сүйгөн шаарлардын катарына кошобуз деп мен терең ишенем.
Президентибиз Садыр Нургожоевич 2025-жылы Жалал-Абад шаарын түрк мамлекеттеринин туристтик борбору деп жарыялоо сунушун берип, ал Түрк мамлекеттер уюму тарабынан колдоо тапканын барыңыздар жакшы билесиздер.
Ардактуу мекендештер!
Кымбаттуу шаарыбыздын тургундары жана коноктору!
Жаңырган жылга барыбыз жаңы максаттарды коюп, эски жылды жагымдуу элестер менен узатып жатабыз.
Жаңырган жылда жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун!
Жаңы жылда айтылган ар бир инсандын тилеги орундалсын!
Дагы бир ирет жаңы жылыңыздар менен!
Эрнисбек ОРМОКОВ,
Жалал-Абад шаарынын мэри
Автор anarkan_kg
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
25.04.2025 / Автор anarkan_kg Улуу Жеништин 80 жылдыгына ТЕҢ УКУКТУБУЗ!
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.