Аймак

ЖЕРГЕБИЗДЕ ТЫНЧТЫК, ЭЛИБИЗДЕ ЫНТЫМАК, КООМУБУЗДА БИРИМДИК БОЛСУН!

ЖЕРГЕБИЗДЕ ТЫНЧТЫК, ЭЛИБИЗДЕ ЫНТЫМАК, КООМУБУЗДА БИРИМДИК БОЛСУН!

 9 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ТИЛЕК ТЕКЕБАЕВДИН Жаңы жылдык куттуктоосу

Урматтуу Жалал-Абад облусунун тургундары!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан кирип келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Узап бара жаткан 2024-жылы жалпы өлкөбүз, анын ичинде Жалал-Абад облусубуз үчүн да чоң жетишкендиктердин жылы болду десем жаңылышпайм!

Жалал-Абад облусунда 8 район, 4 облустук дэңгээлдеги шаарлар, 37  айыл аймагы жана 445 калктуу конуштар бар. 2024-жылдын 1-январына карата облустун калкынын саны 1 млн.335 миң адамга жетип, республиканын калкынын санынын 18,6 % түздү. 2024-жылы  облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана 2026-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүгө багытталган программасынын аткарылышын  камсыздоо максатында бир топ алгылыктуу иштер аткарылды.

Жыл башында облустун 2024-жылга карата жалпы 17 тармак боюнча 117 пункттан турган иш-аракеттер планы бекитилип, баары аткарууга жетишилди.

Бул жылы облусубуздун социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган бир катар өнөр жай ишканалары да ачылды.

Алар:

– Бул Сузак  районунун Барпы айыл аймагынын Курук-Сай участкасында  “ОРИС НПЗ” ЖЧКсы нефтини кайра иштетүүчү битум чыгаруучу ишканасы. Аталган жай жылына 30 миӊ. тонна нефтинин кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү бар. Долбоорго жалпы 255 млн.сом инвестиция жумшалган;

– Чаткал  районунун Терексай  айыл аймагында жайгашкан  “Эти Бакыр-Терексай” жоокерчилиги чектелген коомунун алтын ыргалоочу фабрикасы ишке түштү. Ал жылына 100 миӊ. тонна алтын рудасын кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Курулушка 230 млн.сом  инвестиция тартылып, жаӊы фабрикада 150 жаӊы жумуш орун түзүлгөн;

– Сузак  районунда  Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын Сузак электрэнергиясын сатуу ишканасынын жаӊы имараты ачылды;

– “Камбар-Ата -1” ГЭСинин 1-этабындагы узундугу 125 метрди түзгөн туннель пайдаланууга берилди.

Ошондой эле Жалал-Абад шаарында №3 муниципалдык асфальт –бетон заводунун курулушу аяктап, 2024-жылдын апрель  айында ишке кирди. Анда жылына 92 миӊ. тонна  асфальт-бетон  чыгарылат. Курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, 83 млн.сом акча каражаты жумшалган. Мындан сырткары Шамалдуу-Сай шаарындагы “Акмарал АРК” ЖЧКты тарабынан  саатына 32 тоннага чейин көмүрдөн брикет чыгаруучу завод ишин баштады.

​Облустагы өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн негизин түзгөн электр энергетика тармагында облус боюнча 2024-жылдын 10 айында 9 млрд. 478,5 млн.кВт саат электр энергиясы өндүрүлүп, өсүү темпи 100,2%ды түздү. 

 Облустун аймагында 2024-жылы КР Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда 2 чакан ГЭС ишке кирди. Алар:

–  Сузак районунун Ленин айыл аймагынын Жыгач-Коргон айылында жайгашкан кубаттуулуугу 6,7 МВтты түзгөн “Көк-Арт” чакан ГЭСи;

-Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагындагы Кара-Суу дарыясына  курулган кубаттуулугу 9,6 МВт болгон “Кайнама” чакан ГЭСтери.

Учурда облуста дагы 4 чакан ГЭСтин курулуш иштери жүргүзүлүп, аларды 2025-жылы ишке берүү пландалууда.

Жалал-Абад шаарында жылына 500 тонна АИ-92, АИ-95 үлгүсүндөгү бензинди чыгаруу үчүн “Кыргыз Петролеум Компани” нефтини кайра иштетүү заводунун өндүрүшүн модернизациялоо иштери башталды. КР Финансы министрлигине караштуу Финансылык кредиттик фондунун эсебинен 109 млн. 923 миң 871 АКШ доллары өлчөмүндө бюджеттик ссуда бөлүндү. Аталган долбоор 2027-жылы бүткөрүлөт.

Бул жылы Жалал-Абад шаарынан көчүрүлгөн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагына курулган №10 мекемеси ачылды.

2025-жылы “Жалал-Абад эл аралык аэропортун” куруу боюнча макулдашууга кол коюлду. Облустагы “Казарман” жана “Кербен” аэропорттору реконструкциядан өткөрүлдү.

Жыл ичинде Жалал-Абад облусу боюнча 11 жалпы билим берүүчү мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Алардын 8и республикалык бюджеттин эсебинен, калган 3 мектеп жергиликтүү бюджет жана демөөрчүлөрдүн каржылоосу менен курулду.

Жаштардын билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, “Бекмамат Осмонов” атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин атайын эсебинен  294 млн.сом акча каражаты жумшалып, окуу жайдын жаңы административдик имараты жана 1500 орундуу окуу корпусу курулуп, пайдаланууга берилди.

​Өлкө башчысынын катышуусу менен Жалал-Абад шаарында  алгачкы инновациялык IT борборунун имараты ачылды. Жыл ичинде 19 жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемеси курулду. Алар республикалык жана жергиликтүү бюджеттен, өнүктүрүү фонддорунан каржыланды.

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкө башчыларынын жыйынында 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров  тарабынан 2025-жылды  “Жалал-Абадды Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору” деп жарыялоону сунуштап, ага ылайык өлкө башчынын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция  министрлигине караштуу Туризм департаменти тарабынан Жалал-Абад шаарында   2024-жылдын 25-26-сентябрь күндөрү Түрк мамлекеттер уюмунун туризм министрлеринин  IX жолугушуусу өткөрүлүп, “Жалал-Абадды Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору”–деп жарыяланды. Жалал-Абад облусун өнүктүрү багытындагы мына ушундай иш аракеттер колго алынды.

Келээрки жылы да калктын жашоо деңгээлеин жакшыртуу, экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу, инфраструктуралык шарттарды жаратуу багытындагы кадамдарыбыз дагы да улантылмакчы.

Баарыңыздарды дагы бир жолу кирип келе жаткан жаңы 2025-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Ар бириңиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубат турмуш жана ийгиликтерди каалайм.

Жаңы жылда асыл максаттар, аруу тилектердин баары ишке ашсын. Жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак, коомубузда биримдик болсун!

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17