Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
25 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин тапшырмасын аткаруу алкагында Кыргыз Республикасынын УКМКсына караштуу мамлекеттик Чек ара кызматынын Борбордук аппаратында жана Башкы штабында коррупцияга каршы күрөшүү маселелерине арналган атайын кеңешме өткөрүлдү. Аскер кызматчыларынын алдында сүйлөп жатып, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы башкармалыгынын башчысы, […]
26 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин тапшырмасын аткаруу алкагында Кыргыз Республикасынын УКМКсына караштуу мамлекеттик Чек ара кызматынын Борбордук аппаратында жана Башкы штабында коррупцияга каршы күрөшүү маселелерине арналган атайын кеңешме өткөрүлдү. Аскер кызматчыларынын алдында сүйлөп жатып, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы башкармалыгынын башчысы, […]
КОРРУПЦИЯЛЫК КЫЛМЫШТАРДЫ ЖАСАГАНДАР ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛАТ!
16.01.2025 / Автор anarkan_kg27 Бардыгы /
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин тапшырмасын аткаруу алкагында Кыргыз Республикасынын УКМКсына караштуу мамлекеттик Чек ара кызматынын Борбордук аппаратында жана Башкы штабында коррупцияга каршы күрөшүү маселелерине арналган атайын кеңешме өткөрүлдү.
Аскер кызматчыларынын алдында сүйлөп жатып, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы башкармалыгынын башчысы, полковник Эркин Маканбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кеңири жана аеосуз иш-аракеттерди жүргүзүп жаткандыгын абдан баса белгиледи. Атап айтканда, полковник аскер кызматчыларына – мамлекеттик кызматкерлерге карата коррупциялык кылмыштар үчүн мыйзамдардын ого бетер күчөтүлгөндүгү жана катаалдаштырылгандыгы туурасында дагы кеёири баян этти.
– Коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдар эркинен ажыратууга чейинки катуу жазага тартылат. Мындан тышкары алардын жакын тууган-уруктары мындан ары мамлекеттик кызматтан биротоло четтетилип, өздөрү түбөлүккө мамлекеттик түзүмдөрдө иштөө укугунан дагы толук ажыратылат! – деп кошумчалады Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы башкармалыгынын башчысы, полковник Эркин Маканбаев.
УКМК өкүлү, полковник Эркин Маканбаев коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралардын күчөтүлүшүн мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү тамыры менен жок кылуу зарылдыгы менен тыгыз байланыштырды.
– Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топторду жоюу боюнча ийгиликтүү тажрыйба бар. Бул тажрыйба коңшу өлкөлөрдө дагы кеёири колдонула баштады. Азыр биздин алдыбызда андан да татаал милдет турат, бирок биз аны ийгиликтүү чечебиз деп тереё ишенебиз! – деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы башкармалыгынын башчысы, полковник Эркин Маканбаев.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу мамлекеттик Чек ара кызматынын директору, генерал-майор Абдыкарим Алимбаев коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик саясаттын башкы багыттарынын бири экенин ырастады.
– Мамлекеттик Чек ара кызматында коррупциялык көрүнүштөр орун ала турчу жана тобокелдик жараткан кызматтарды аныктоо боюнча жана коррупцияга каршы күрөшүү механизмин иштеп чыгуу боюнча кеңири иштер жүргүзүлдү. Бирок, бул жааттагы натыйжалар али жетишсиз экенин түшүнөбүз жана бул багыттагы аракеттерибизди мындан ары дагы ого бетер күчөтөбүз! – деди катуу ишендирди Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу мамлекеттик Чек ара кызматынын директору, генерал-майор Абдыкарим Алимбаев.
Ошентип, аталган орчундуу кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик Чек ара кызматындагы коррупцияга каршы күрөш ишин мындан ары бекемдөө, анын ичинде аскер кызматчыларынын ишин такай көзөмөлдөөнү күчөтүү, ошондой эле ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту жогорулатуу жөнүндө дагы чечим кабыл алынды. Бул иш-чарага башкаруу органдарынын жетекчилери, Чүй облусунда жайланышкан өткөрүү бекеттеринин башчылары катышты.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
18.04.2025 / Автор anarkan_kg “КЫРГЫЗНЕФТЕГАЗ” ААКтын АКЦИОНЕРЛЕРИНИН ЖАЛПЫ ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ
-
26.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ АНТИКИНОТЕАТРЛАРДЫ ЖАБУУНУ ТАЛАП КЫЛДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.