Өлкө аймактары менен кубаттуу
УКМК МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ИШ АЛЫП БАРАРЫН БИЛДИРДИ
НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ ТӨРАГАЛЫКТАН КЕТТИ
КАМЧЫБЕК ТАШИЕВДИН КАЙРЫЛУУСУ ЖАРЫЯЛАНДЫ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
16 Бардыгы / Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоору менен толук таанышып чыккандыгын шардана кылды. Бул туурасында Эл өкүлү парламенттин бүгүнкү, 5-марттагы жыйынында билдирди. Эл өкүлү – Баткен облусунун мурунку губернатору СултанбайАйжигитовдун сөзүнө караганда, Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча келишимдин долбоорунун 12-беренесинде «Бул келишимдин мөөнөтү жок жана кайра […]
17 Бардыгы / Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоору менен толук таанышып чыккандыгын шардана кылды. Бул туурасында Эл өкүлү парламенттин бүгүнкү, 5-марттагы жыйынында билдирди. Эл өкүлү – Баткен облусунун мурунку губернатору СултанбайАйжигитовдун сөзүнө караганда, Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча келишимдин долбоорунун 12-беренесинде «Бул келишимдин мөөнөтү жок жана кайра […]
ДЕПУТАТ АЙЖИГИТОВ БАТКЕНДЕГИ ДОСТУК АЙЫЛЫН ТАЖИКСТАНГА АЛМАШУУ ЧЕЧИМИН ТУУРА ЭМЕС ДЕП ЭСЕПТЕЙТ
05.03.2025 / Автор anarkan_kg18 Бардыгы /
Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоору менен толук таанышып чыккандыгын шардана кылды. Бул туурасында Эл өкүлү парламенттин бүгүнкү, 5-марттагы жыйынында билдирди.
Эл өкүлү – Баткен облусунун мурунку губернатору СултанбайАйжигитовдун сөзүнө караганда, Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча келишимдин долбоорунун 12-беренесинде «Бул келишимдин мөөнөтү жок жана кайра кароого жатпайт!» деп жазылган. Муну ал «Азыр сунушталып жаткан документ бекитилсе, Тажикстан Ворух анклавына коридор алат» деп эсептейт.
– Ворух анклавына коридор ачууга тоскоолдук кылган эки эле нерсе бар. Биринчиси – Лейлек районундагы Достук айылы. Тажиктер «Достук айылын толугу менен бизге бергиле?!» деп бекеринен талап койгон эмес. Биз ага макул болуп, бул тоскоолдукту алып коюп атабыз. Биз үчүн Достуктун стратегиялык мааниси – ошол коридорго жол бербей тургандыгы. Андан тышкары чек араны ошол жерде жашап жаткан эл өзү гана коргоп келатат, – деп кошумчалады Жогорку Кеңштие депутаты, Баткен облусунун мурунку губернатору Султанбай Айжигитов.
Султанбай Айжигитов андан ары жерди алмаштырууда анын аянтына эле эмес, стратегиялык маанисине дагы сөзсүз көңүл бурулушу керектигин кошумчалады. Жогорку Кеңештин ушул эле жыйынында дагы бир депутат Балбак Түлөбаев бийлик жетекчилери жана парламент чек ара боюнча тарыхый чечим кабыл алуу алдында тургандыгын, Баткенде жергиликтүү тургундар маселенин чечилишин талап кылып жатышканын кыйытты. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМКнын) төрагасы Камчыбек Ташиев ушул жылдын 27-февралында Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйынында Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча келишим тууралуу маалымат берип жатып Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга толук берилип, талаштуу болуп келген Төрт-Көчө нейтралдуу макамга ээ болуп, бул жайлы Кыргызстан менен Тажикстан бирдей гана жалпы тейде пайдаланаарын убадалаган.
– Достук айылын биз толук бойдон бердик тажиктерге. Себеби Достук айылы биздин айылдардан эң алыс жайгашкан. Ал жерде стратегиялык жана экономикалык пайда жок! Айылдын ордуна биз шарт коюп, айылдагы жаңы курулган үйлөргө кенемте катары Тажикстандан 30 гектар жер алдык. Суулуу жерден алдык. Элди көчүрүп, кайра алардын ар бирине мамлекет тарабынан үй салып беребиз, – деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев
Достук – район борбору Баткен шаарынан 40 чакырымдай түндүк-батышта, Тажикстандын Исфара–Ворух жолуна жакын жайланышкан чакан айыл. 70тей турак жай бар. 2021-жылдагы чек ара жаңжалында он чакты үй талкаланып, кайра курулган. 2022-жылы дагы чек арадагы жаңжалда айыл дээрлик толугу менен талкаланып, атайын план менен кайра курулуп, түптөлгөн. Социалдык мекемелер, мектеп баары жаңыланган.
Баса, расмий маалыматка караганда. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымга созулат. Булардын арасынан 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар биротоло бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде гана араң такталды.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
-
12.02.2026 / Автор anarkan_kg ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
-
12.02.2026 / Автор anarkan_kg СЕГИЗ ИШКАНА КЫТАЙДЫН ЭКСПОРТТУК ТИЗМЕСИНЕ КИРДИ
-
12.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАШТАР ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ИШИН МОДЕЛДЕШТИРИШТИ
-
22.02.2025 / Автор anarkan_kg УКМК АРАВАН РАЙОНДУК СОТУНУН СУДЬЯСЫН ПАРА МЕНЕН КАРМАДЫ
-
-
10.03.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ЖАРДЫН КЫРЫНДА ЖАШАГАНДАР ДАГЫЛЕ КӨЧПӨЙ ЖАТЫШАТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.