Өлкө аймактары менен кубаттуу
АК КАЛПАК КИЙГЕНДЕРДИ КЫРГЫЗ ДЕП БИЛ!
ТӨӨ-МОЮНДА ТООДОЙ КӨЙГӨЙ БАР…
«ДОСТУК» ЭМИ 90 ЖАШКА ТОЛУПТУР
КООМДУК ТРАНСПОРТТОРГО КӨЗӨМӨЛ КҮЧӨТҮЛҮҮДӨ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
1 Бардыгы / Бүгүн, 5-мартта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын судьяларынын XIII курултайына катышты. Мамлекет башчысы судьяларды жана сот тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик, үй-бүлөлөрүнө ден соолук жана бакутбатчылык каалап өттү. Ал сот тутуму адилеттүүлүк менен укук тартибин камсыз кылуу аркылуу укуктук мамлекетти өнүктүрүүдө негизги ролду ойнорун белгиледи. Садыр Жапаров Кара-Кыргыз […]
2 Бардыгы / Бүгүн, 5-мартта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын судьяларынын XIII курултайына катышты. Мамлекет башчысы судьяларды жана сот тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик, үй-бүлөлөрүнө ден соолук жана бакутбатчылык каалап өттү. Ал сот тутуму адилеттүүлүк менен укук тартибин камсыз кылуу аркылуу укуктук мамлекетти өнүктүрүүдө негизги ролду ойнорун белгиледи. Садыр Жапаров Кара-Кыргыз […]
ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ: “СОТТУН ТАРАЗАСЫ КАЛЫС БОЛСО, ЭЛДИН ИШЕНИМИ БЕКЕМ БОЛОТ”
05.03.2025 / Автор anarkan_kg

3 Бардыгы /
Бүгүн, 5-мартта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын судьяларынын XIII курултайына катышты.
Мамлекет башчысы судьяларды жана сот тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик, үй-бүлөлөрүнө ден соолук жана бакутбатчылык каалап өттү. Ал сот тутуму адилеттүүлүк менен укук тартибин камсыз кылуу аркылуу укуктук мамлекетти өнүктүрүүдө негизги ролду ойнорун белгиледи.
Садыр Жапаров Кара-Кыргыз автоном облусу түзүлгөндөн тарта мамлекет менен тагдырлаш болуп келаткан сот тутуму өлкөнүн түптөлүшүнө, өнүгүшүнө өз салымын кошуп жатканын айтты.
Президент Кыргызстандын сот бийлиги өлкөдө демократиянын негизги таянычы болуп келгенин, мыйзамдуулукту камсыздоо менен жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, саясий система ичиндеги тең салмактуулукту сактоо аркылуу адилетсиздик менен күрөшүүнүн куралы экенин белгиледи. Ал эзелтен эле эң маанилүү мамлекеттик маселелерди талкуулоо үчүн курултайларды өткөргөндө сот адилеттигинин орду бийик болгонун эске салды. Муундан муунга өтүп келе жаткан абийир-ариет жана адеп-ахлак принциптери азыркы сот системасынын өзөгүн түздү.
Садыр Жапаров сот тутуму ар кыл саясий таасирлерден жана ар кандай тышкы кысымдардан толук түрдө көз карандысыз болушу шарт экенин айтты, анткени сот бийлиги – коомдогу туруктуулук менен мыйзамдуулуктун кепилдиги.
Президент мамлекеттин колдоосу аркылуу жетишилген бир катар маанилүү өзгөрүүлөрдү белгилеп өттү. Ал судьяларды ротациялоо системасынын киргизилиши оң натыйжаларды бере баштаганын айтты. Азыр ошол аймактарга которулган судьялар үчүн батирлер курулуп жатат.
Ошондой эле ал судьялардын айлык маянасы 100% көтөрүлүп, бул сот тармагына жогорку квалификациялуу адистерди тартууга бир топ стимул болгонун айта кетти. Мындан башка заманбап сот имараттары курулуп берилүүдө, бир катар аймактарда Адилеттүүлүк үйлөрү ачылды, ал эми Ош шаарында жаңы борбордун ачылышы пландалууда.
Президент сот аткаруучулар менен сот приставдарына ата мекендик ишкананын өндүрүшүнөн чыккан 101 кызматтык автоунаа берилгенин, келечекте сот бийлигин керектүү атайын техника менен камсыздоо улантыларын айтып берди. Жакшы шарттар менен камсыздоодогу маанилүү кадам катары “Фемида” пансионатын сот системасынын карамагына өткөрүлүп берилиши болду.
Садыр Жапаров мындай жетишкендиктер менен катар, чечиле элек көйгөйлөр бар экенин, айрыкча, судьяларды турак-жай менен камсыз кылуу бүгүнкү күндө дагы актуалдуу бойдон турганын белгиледи. Ал бул багытта аракеттер улантыларына ишендирип өттү, көйгөйдү чечүүгө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын катышуусу пландаштырылып жатат.
Коррупцияга каршы күрөш тууралуу айтып жатып, Президент сот тутумундагы коррупция эң биринчи кезекте жалпы журтубуздун мамлекетке болгон ишенимин солгундатарын баса белгиледи.
““Соттун таразасы калыс болсо, элдин ишеними бекем болот” деген учкул сөздү эске алуу менен антикоррупциялык мыйзамдар күчөтүүнүн үстүндө”, – деди Мамлекет башчысы. Ал коррупцияга каршы күрөшүү жаатында киргизилип жаткан түзөтүүлөр жооптуу адамдардын коррупциялык мыйзам бузуу аракеттерин алдын алууга багытталганын белгиледи. Ал судьялар бул маселеге олуттуу мамиле жасаарына ишенимин билдирди. Судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында Тартип комиссиясы түзүлгөнү айтылды.
Садыр Жапаров Судьялардын Курултайы өнүгүүнүн жаңы багыттарын аныктоо боюнча алгылыктуу, ишке аша турган реалдуу чечимдерди кабыл алат деген ишенимин билдирди. Ошондуктан Курултайдын алкагында Президент сот системасына алдыдагы үч жыл ичинде чечилиши керек болгон жаңы милдеттерди койду.
“Таза иш алып барууну камсыздоо жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу максатында жаңы судьяларды тандоо системасын тез арада өркүндөтүү зарыл”, – деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Ал документтерди тапшыруунун электрондук системасын киргизүүну тапшырды. Бул жарандардын өлкөнүн булуң-бурчунан борборго келип-кетүүсүнө байланыштуу каржылык жана убакыт чыгымдарын азайтат. Маалыматтарды автоматташтырылган тартипте иштеп чыгуу механизмин ишке киргизүү керек. Бул болсо тандоо процессин ыкчамдатуу менен бирге, анын тактыгын жана адилеттүүлүгүн камсыз кылат. Судьялык кызматка талапкерлердин резервин түзүүнү тапшырам. Бул биринчи жолу дайындалган судьялардын кесиптик даярдыгы боюнча көптөгөн маселелерди чечүүгө өбөлгө болмокчу.
Ошондой эле Мамлекет башчысы мамлекеттик программанын алкагында жеке сот аткаруучулар институту түзүлө турган пландар жөнүндө айта кетти.
Президент сот системасы судьялардын көз карандысыздыгын бекемдөөгө, сот адилеттигинин натыйжалуулугун арттырууга жана сот органдарынын ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоого багытталган мыйзамдык демилгелерди талап кыларын белгиледи. Буга байланыштуу ал Жогорку сотту мыйзам чыгаруу укугун активдүү пайдаланууга чакырды.
“Алдыңыздарга коюлган бардык тапшырмалар сот адилеттигин арттырууга, өлкөбүздүн жарандары үчүн калыстыкты камсыз кылууга жана судьялардын иштөө шарттарын жакшыртууга багытталган. Тапшырмалар аткарылып, ийгиликтерге жетишилсе, Кыргызстандын сот системасынын өнүгүшүнө күбө болобуз”, – деп Президент Садыр Жапаров сөзүн жыйынтыктады.
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
05.03.2025 / Автор anarkan_kg “ЖАЛАЛАБАТГАЗ” ГАЗДЫН БАСЫМЫНЫН ТӨМӨНДӨШҮ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРМӨ ТАРАТТЫ
-
-
05.03.2025 / Автор anarkan_kg АК КАЛПАК КИЙГЕНДЕРДИ КЫРГЫЗ ДЕП БИЛ!
-
12.03.2024 / Автор anarkan_kg КӨК-АРТ ДАРЫЯСЫНАН ӨТКӨН КӨПҮРӨНҮН КУРУЛУШУ АЯКТАП, КОЛДОНУУГА БЕРИЛДИ
-
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА 133 МЛН. СОМГО ТАШТАНДЫ ИРГЕГЕН ЗАВОД КУРУЛУУДА
Маек
Гүльмира АДЫРБАЕВА: “АРАВАНДА ӨЗҮМ СЦЕНАРИСТ ЖАНА РЕЖИССЕР-КОЮУЧУМУН!”
Кыргызда бекеринен «Колдо бар алтындын баркы жок!» дешпейт. Болбосо, Араван…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.