Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
4 Бардыгы / Ушул тапта Кыргызстандагы 960 айылында дагыле таза суу жок! Бул кыштактарга таза суу жеткирүү максатында 1 миллиард доллар керек. Бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев шардана кылды. Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөсү Бакыт Төрөбаевдин айтымында, 1 миллиард доллардын 800 миллион доллары […]
5 Бардыгы / Ушул тапта Кыргызстандагы 960 айылында дагыле таза суу жок! Бул кыштактарга таза суу жеткирүү максатында 1 миллиард доллар керек. Бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев шардана кылды. Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөсү Бакыт Төрөбаевдин айтымында, 1 миллиард доллардын 800 миллион доллары […]
КЫРГЫЗСТАНДЫН 960 АЙЫЛЫНДА ТАЗА СУУ ЖОК!
13.03.2025 / Автор anarkan_kg

6 Бардыгы /
Ушул тапта Кыргызстандагы 960 айылында дагыле таза суу жок! Бул кыштактарга таза суу жеткирүү максатында 1 миллиард доллар керек. Бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев шардана кылды.
Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөсү Бакыт Төрөбаевдин айтымында, 1 миллиард доллардын 800 миллион доллары таза сууга, 200 миллион доллары саркынды суу үчүн гана керек
– Ушул тапта биз 168 айылда долбоорлоо жана курулуш иштерин абдан кызуу жүргүзүп жатабыз. Быйыл 40 айылды таза суу менен камсыз этебиз! – деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев.
Бирок, Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөсү каражаттын булагын такыр ачыктаган жок. Анткени, таза суу – өлкөбүздөгү эё олуттуу көйгөйлөрдүн бири. Айрыкча ичилүүчү суунун тартыштыгы аймактарда абдан курч. Ичкенге таза суу жеткиликтүү болбогон айылдарда күз мезгилинде ичеги-карын ооруларына, жугуштуу илдеттерге байланыштуу маселелер дагыле жаралып келатат.
Айтмакчы, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жайы министрлиги былтыр жайында берген маалыматында, Кыргызстандагы 1906 айылдын 637си гана таза суу менен камсыз этилгендиги айтылган. Дагы 1071 айылга жакын арада ичилүүчү суу киргизүү зарылчылыгы бар. Мекеме ошондой эле ушул тапта өлкө боюнча 260 айылга таза суу тартуу программасы иштеп жаткандыгын маалымдаган.
Баса, 2011-жылы республиканын жүздөгөн айылдарын таза суу менен камсыздоо максатында «Таза суу» долбоору ишке киргизилип, бирок, 2023-жылы Азия өнүктүрүү банкы бул долбоорду каржылоону токтоткон. Долбоор болжол менен 20 миллион долларды түзгөн. Ал эми төрт жыл мурун Кыргыз бийлиги 2023-жылга чейин өлкөбүздүн калкын таза суу менен толук камсыз кылууга катуу убада берген.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
28.06.2024 / Автор anarkan_kg БЫЙЫЛ ОШ ШААРЫНДА 4 МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛАТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.