Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
КАРКЫРА-МИСТЕ КАНАЛЫН ОҢДОО БАШТАЛАТ
МАНАС ШААРЫНДА ИРИ МАРАФОН ӨТТҮ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
25 Бардыгы / Азыркы тапта Кыргызстанда жарандар пенсияга 5 жылдык минималдык эмгек стаж менен чыга алат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңиш Мукамбетов билдирди. Анын айтымында, былтыр 1-июлда мыйзамга өзгөртүүлөр кирген. Ага ылайык аялдар 58 жашында, эркектер 63 жашында (пенсияга чыгуу курагы өзгөргөн жок — ред.) […]
26 Бардыгы / Азыркы тапта Кыргызстанда жарандар пенсияга 5 жылдык минималдык эмгек стаж менен чыга алат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңиш Мукамбетов билдирди. Анын айтымында, былтыр 1-июлда мыйзамга өзгөртүүлөр кирген. Ага ылайык аялдар 58 жашында, эркектер 63 жашында (пенсияга чыгуу курагы өзгөргөн жок — ред.) […]
БЕШ ЖЫЛДЫК ЭМГЕК СТАЖЫ БОЛБОГОНДОР ПЕНСИЯГА ЧЫГА АЛБАЙТ
14.03.2025 / Автор anarkan_kg27 Бардыгы /
Азыркы тапта Кыргызстанда жарандар пенсияга 5 жылдык минималдык эмгек стаж менен чыга алат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңиш Мукамбетов билдирди.
Анын айтымында, былтыр 1-июлда мыйзамга өзгөртүүлөр кирген. Ага ылайык аялдар 58 жашында, эркектер 63 жашында (пенсияга чыгуу курагы өзгөргөн жок — ред.) 5 жылдык стаж менен пенсияга чыгат. Ага чейин пенсияга чыгуу үчүн аялдарда 20, эркектерде 25 жылдык стаж болушу керек болгон.
Мукамбетов минималдык стаж жыл сайын көтөрүлүп турарын белгиледи.
«5 жылдык минималдык стаж деген талап 2024-жылдын 1-июлунан 2025-жылдын 31-декабрына чейин иштейт. 2026-жылдын 1-январынан тарта минималдык стаж 6 жыл болот. Ошону менен жыл сайын бир жылдан кошулуп отуруп, 20245-жылдан баштап талап кылынган стаж 20 жыл болуп калат», — деди ал.
Ал буга чейин пенсияга чыгуу үчүн талап кылынган стаж 20 жана 25 жыл болгондо, жарандар стажы жетпесе да пенсия чыгып жүргөнүн, бирок ага жараша мамлекет тарабынан берилген пенсиянын базалык бөлүгүн да толук ала албаганын айтты.
«Союз тарагандан кийин ар кандай жагдайлардан улам көпчүлүктүн стажы болбой калган. Пенсияга чыкканда да мамлекет тарабынан кепилденген базалык бөлүк теңдемелүү болуп толук берилчү эмес. Мисалы аялдарга 20 жыл стаж талап кылынса, бирок 10 эле жыл стажы болсо, пенсиянын базалык бөлүгүнүн (3170 сом) жарымын, 1585 сом эле алып калчу. Былтыр июлда мыйзамдан «толук эмес пенсиялар» деген берене алынган. Азыркы учурда андай пенсиялар чегерилбейт», — деди ал.
Мукамбетов билдиргендей, эмгек стажды эсептөөдө жарандын иштеген жылдары эске алынат: 1996-жылга чейинки маалымат эмгек китепчесинен алынат, 1996-жылдан кийинкиси камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөнү каралат.
Андан тышщкары ал камсыздандыруу төгүмдөрү төгүлбөгөн учурлар да – окуу жайда билим алган (диплом болушу шарт), баласын үйдө карап отурган (3 жашка чейин), аскерде кызмат өтөгөн, ишсиз катары каттоодо туруп, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алган жана майып балдарын баккан мезгил эмгек стаж катары эсептеле турганын белгиледи.
Белгилей кетсек, азыр пенсияга чыгуу үчүн кеминде 5 жылдык стаж керек. Жетиштүү стажы болбогондор пенсия ала албайт. Аталган стаж бара-бара 20 жылга чейин жеткирилет.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
-
-
06.05.2025 / Автор anarkan_kg Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата МЕНИН АТАМ
-
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg 638 МЛН. СОМДУК СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТТЕР МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.