Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
4 Бардыгы / УКМКнын маалымат борборунан билдиришкендей, Ташкент шаарында Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жыйыны өткөрүлдү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы К.К. Ташиев жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри А.Н.Арипов кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери […]
5 Бардыгы / УКМКнын маалымат борборунан билдиришкендей, Ташкент шаарында Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жыйыны өткөрүлдү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы К.К. Ташиев жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри А.Н.Арипов кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери […]
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫН ДЕЛИМИТАЦИЯЛОО ЖАНА ДЕМАРКАЦИЯЛОО МАСЕЛЕЛЕРИ ТАШКЕНТТЕГИ ЖЫЙЫНДА КАТУУ ТАЛКУУЛАНДЫ
28.04.2025 / Автор anarkan_kg

6 Бардыгы /
УКМКнын маалымат борборунан билдиришкендей, Ташкент шаарында Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жыйыны өткөрүлдү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы К.К. Ташиев жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри А.Н.Арипов кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери катышышты.
Өз ара сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында Чечме (Чашма) булагын кармап туруу менен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясын өткөрүүнүн мүнөздөмөсү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чечме (Чашма) булагын биргелешип пайдалануу жөнүндө макулдашуунун долбоорунун негизги шарттары дагы бекитилди. Тараптар «Чечме» («Чашма») Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын элдеринин жалпы мурасы экенин өзгөчө белгилешти. Кыргыз тарап Өзбекстан Республикасынын жарандарынын аталган булакка эркин жана тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылуу, булактын иш жүзүндө түзүлгөн суу обөектисинин үчтөн эки бөлүгүн өзбек тарапка пайдалануу, ошондой эле булактын суу ресурстарынын көлөмүнө жана сапатына таасир этиши ыктымал болгон бардык аракеттерди Өзбек тарап менен макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөргө жетишилди. Мындан тышкары тараптар достук жана ынак коңшулаштык маанайда эки өлкөнүн жарандарынын бул булакты толук пайдалануусуна тоскоол боло турган кандайдыр бир чараларга жол бербөө жаатында дагы ачык сүйлөшүштү.
Тараптар кыска мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Чечме» («Чашма») булагын биргелешип пайдалануу жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек ара тилкеси тууралуу келишимге, кол коюуга макулдашышты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мындан тышкары Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөн айрым өткөрүү бекеттеринин макамы жана иштөө режими боюнча жалпы позициялар өз ара талкууланды. Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү бекеттеринин ишине карата бириктирилген мамилени иштеп чыгуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жогору бааланды, анткени бул жарандардын өз ара барууларын жана ташууларды жүзөгө ашырууну кыйла жеңилдетүүгө мүмкүндүк жаратат. Эки өлкөнүн калкы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында 2004-жылдагы Макулдашууга жана Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарына протоколго тез арада кол коюунун жана өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн маанилүүлүгү дагы баса белгиленди.
Ошентип, тараптар жакын арада эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топтордун жолугушуусун өткөрүүнү дагы макулдашышты. Жйында кабыл алынган чечимдер эки боордош мамлекеттин башчылары тарабынан аныкталган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны достук, коңшулук, тынчтык жана ынтымактын чек арасына айландыруу боюнча курска толугу менен шайкеш келет. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу салттуу конструктивдүү жана достук маанайда өткөрүлдү.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
07.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН ЭҢ АЛЫСКЫ КОНУШТАРЫНДА КӨЧМӨ КЛИНИКА ИШКЕ КИРИШТИ
-
18.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖКККББ: КАЙДЫГЕР БОЛБОЙ, КАЙРЫМДУУ БОЛОЛУ
-
27.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШТО ЭКИ ЖЕРДЕН ӨРТ ЧЫГЫП, ЧЕКТӨӨГӨ АЛЫНДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.