Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
22 Бардыгы / Бүгүн, 29-апрелде Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жолунун негизги объекттери делген туннелдин курулушунун башталышына арналган иш-чара өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Кытай жана Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн […]
23 Бардыгы / Бүгүн, 29-апрелде Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жолунун негизги объекттери делген туннелдин курулушунун башталышына арналган иш-чара өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Кытай жана Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн […]
КЫТАЙ-КЫРГЫЗСТАН-ӨЗБЕКСТАН ТЕМИР ЖОЛУНУН ӨТМӨГҮ КУРУЛА БАШТАЛДЫ
29.04.2025 / Автор anarkan_kg24 Бардыгы /
Бүгүн, 29-апрелде Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жолунун негизги объекттери делген туннелдин курулушунун башталышына арналган иш-чара өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Кытай жана Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, тийиштүү министрлик жана ведомстволордун башчылары катышты.
МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу – бул жөн гана транспорттук коридор эмес, Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилүү стратегиялык көпүрө болорун билдирди.
“Бул долбоор инфраструктуралык гана мааниге ээ эмес, жашоонун жаңы сапатына, экономикалык өсүшкө, аймактар менен элдердин байланышын бекемдөөгө багытталган жол болуп саналат. Ал соода, инвестиция, өнөр жайды өнүктүрүү жана логистика үчүн жаңы мүмкүнчүлүк ачат, миңдеген жумуш орундарын түзөт жана биздин өлкөлөрдүн экономикасына күчтүү импульс берет. Бул масштабдуу иш-чарага салым кошуп жаткан баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Биз жөн гана жол куруп жаткан жокпуз, биз келечекти куруп жатабыз”, – деди Бакыт Төрөбаев.
Иш-чарага катышкан Кытай Эл Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиликтеринин, ошондой эле үч өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол компаниясы” биргелешкен ишканасынын өкүлдөрү, бул курулуп баштаган темир жол – биримдиктин, прогресстин жана келечекке болгон ишенимдин символу болорун билдиришти.
Белгилей кетсек, курулуш иштери башталган бул туннелдин жалпы узундугу 12 чакырымды түзөт, ал Жалал-Абад облусунун Сузак районунан башталып, Нарын облусунан бүтөт. Узундугу ушундай эле болгон дагы 2 ири туннелдин курулушу Нарын жана Жалал-Абад облустарында пландалган.
Кыргызстандын аймагындагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунун жалпы узундугу 300 чакырымдан ашуун аралыкты камтып, курулуштун жалпы наркы 4 млрд. 700 млн. долларды түзөт.




Автор anarkan_kg
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
09.02.2026 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨНДӨГҮ АЛАМАН УЛАКТАН КИЙИН НИЯЗОВГО 5500 СОМ АЙЫП САЛЫНДЫ
-
19.02.2026 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР КЕЛДИ
-
04.03.2026 / Автор anarkan_kg БЫЙЫЛ КАДЫР ТҮН 17-МАРТКА КАРАГАН ТҮНҮ ТОСУЛАТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.