Өлкө аймактары менен кубаттуу
ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУЛАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
13 Бардыгы / Бүгүн, 29-июль күнү Жалал-Абад шаарынын мэриясында 6 айдын жыйынтыгын чыгарган коллегия болуп өттү. Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, коллегияга КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков, мэрдин орун басарлары жана шаардагы мекеме- ишканалардын жетекчилери катышты. Күн […]
14 Бардыгы / Бүгүн, 29-июль күнү Жалал-Абад шаарынын мэриясында 6 айдын жыйынтыгын чыгарган коллегия болуп өттү. Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, коллегияга КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков, мэрдин орун басарлары жана шаардагы мекеме- ишканалардын жетекчилери катышты. Күн […]
ЖАЛАД-АБАД ШААРЫНДА АЛТЫ АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
29.07.2025 / Автор anarkan_kg15 Бардыгы /
Бүгүн, 29-июль күнү Жалал-Абад шаарынын мэриясында 6 айдын жыйынтыгын чыгарган коллегия болуп өттү.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, коллегияга КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков, мэрдин орун басарлары жана шаардагы мекеме- ишканалардын жетекчилери катышты.
Күн тартибинде бир маселе каралды:
1. Шаардын 2025-жылда социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2-кварталдагы жыйынтыктары жана 3-кварталга койгон милдеттери жөнүндө.
Алгач, 6 ай ичинде шаарда аткарылган жумуштар боюнча мэрдин орун басарлары, мэриянын аппарат жетекчиси жана бөлүм башчылар тарабынан 2025-жылдын 6 айында аткарылган иштер, көрсөткүчтөр боюнча маалыматтар берилип, суроолорго жооп беришти.
Шаардын 2025-жылдын 6 айына жергиликтүү бюджеттин планы 577 млн. 275,7 миң сом болгон болсо, 609 млн. 316,8 миӊ сомго аткарылып, план 105,6% аткарылды.
Ал эми республикалык бюджеттен келген официалдуу трансферттерди жана турукташтыруу фондунан такталган каражаттарды кошкондо, такталган план 2 млрд. 181 млн. 820,8 миң сом өлчөмүндө аныкталып, 3 млрд. 025 млн. 861,9 миң сом өлчөмүндө аткарылды.
Мындан сырткары, 2025-жылдын 6 айында шаарыбыздын экономикасынын ар түрдүү тармактарына 7 млрд. 199 млн. сомдук инвестиция тартылып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 347,2 %ды түздү.
Жалал-Абад шаарынын аймагында 2025-жылдын II кварталына карата жалпы 121 жаңы ишкана катталып, 113 туруктуу жумуш орун түзүлгөн.
Ошондой эле үстүбуздөгү жылдын II квартал ичинде 14 көчөгө 6456 метр асфальт төшөлгөн болсо, 16 көчөгө 26486 метр жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдор курулууда. Анын ичинен 9 көчө 13285 метр аягына чыгарылды.
Шаар башчысы коллегияда ымыркайлардын чарчап калуусунун жана энелердин өлүмүнүн санын азайтуу, алдын алуу максатында перинаталдык борбор курулуп, аягына чыгуу алдында турганын белгилеп, тиешелүү жетекчилерге ал жерде иштей турган дарыгерлерди камсыз кылуу боюнча иш алып баруу тапшырмасын койду.
Автор anarkan_kg
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
18.02.2026 / Автор anarkan_kg ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ТӨРТ ЖАҢЫ ДЕПУТАТ КЕЛДИ
-
18.02.2026 / Автор anarkan_kg ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУЛАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ
-
18.02.2026 / Автор anarkan_kg СУЗАК РАЙОНУНДА СОЦИАЛДЫК ШААРЧАНЫН КУРУЛУШУНА КАПСУЛА САЛЫНДЫ
-
-
03.03.2025 / Автор anarkan_kg Гүльмира АДЫРБАЕВА: “АРАВАНДА ӨЗҮМ СЦЕНАРИСТ ЖАНА РЕЖИССЕР-КОЮУЧУМУН!”
-
11.03.2025 / Автор anarkan_kg ЭБАК ЭСКИРГЕН МЕКТЕП ЧУКУЛ АРАДА ЖАҢЫЛАНУУГА МУКТАЖ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.