Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ҮЧ АЙЛЫК ИШЕМБИЛИК ЖАРЫЯЛАНДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ҮЧ АЙЛЫК ИШЕМБИЛИК ЖАРЫЯЛАНДЫ

 3 Бардыгы /

ЖалалАбад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругуна ылайык, 1-августтан 1-ноябрга чейин айланачөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу максатында үч айлык ишембилик жарыяланды.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, ишембиликтин алкагында шаар аймагындагы эс алуу бактары, аллеялар, турак-жайлардын айланасы, сел арыктар, тротуар жана темир-бетон арыктар тазаланып, шаардын көркүн бузган көрнөк-жарнактар, соода күркөлөрү алынып, актап-сырдоо иштери жүргүзүлөт.

Жалал-Абад шаардык мэриясы, мекеме-ишканалардын кызматкерлерин, шаар тургундарын ишембиликтерге активдүү катышууга чакырат!

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17