Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
16 Бардыгы / Кечээ, 26-январда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Ала-Бука районунун 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылган коллегиялык жыйынга катышты. Коллегиянын жүрүшүндө район боюнча өткөн жыл ичинде жетишилген көрсөткүчтөр, негизги тармактардагы өсүү темптери, ошондой эле алдыдагы артыкчылыктуу милдеттер талкууланды. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январь–декабрь айларында Ала-Бука району боюнча 23 млрд 85 млн […]
17 Бардыгы / Кечээ, 26-январда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Ала-Бука районунун 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылган коллегиялык жыйынга катышты. Коллегиянын жүрүшүндө район боюнча өткөн жыл ичинде жетишилген көрсөткүчтөр, негизги тармактардагы өсүү темптери, ошондой эле алдыдагы артыкчылыктуу милдеттер талкууланды. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январь–декабрь айларында Ала-Бука району боюнча 23 млрд 85 млн […]
АЛА-БУКА РАЙОНУНУН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮСҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛГАН КОЛЛЕГИЯГА ӨТТҮ
27.01.2026 / Автор anarkan_kg18 Бардыгы /
Кечээ, 26-январда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Ала-Бука районунун 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылган коллегиялык жыйынга катышты.
Коллегиянын жүрүшүндө район боюнча өткөн жыл ичинде жетишилген көрсөткүчтөр, негизги тармактардагы өсүү темптери, ошондой эле алдыдагы артыкчылыктуу милдеттер талкууланды.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январь–декабрь айларында Ала-Бука району боюнча 23 млрд 85 млн 617,6 миң сом өлчөмүндө дүң продукция өндүрүлүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 114,8 пайызды түзгөн.
Тармактар боюнча алганда, айыл чарба тармагында жыл жыйынтыгы менен 11 млрд 135 млн 982,1 миң сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 103,4 пайызга жеткен. Өнөр жай тармагында 10 млрд 868 млн 599,4 миң сомдук продукция өндүрүлүп, өсүү темпи 129,7 пайызды камсыздаган.
Коллегиялык жыйында облус башчысы Тилек Текебаев бир катар маанилүү маселелерге токтолуп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Атап айтканда, салык карыздарынын өсүшүн кыскартуу, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жогорку бал алган бүтүрүүчүлөрдүн санын көбөйтүү, мектеп окуучулары жана жаштар үчүн табигый илимдер боюнча кошумча окуу курстарын уюштуруу, дарыгерлердин жетишсиздигин азайтуу, энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
Мындан тышкары, аймакта өндүрүштүк ишканаларды ачуу, таза суу менен камсыздоо маселелерин чечүү, электр энергиясын белгиленген лимиттен ашыкча пайдаланбоо, инвесторлорду тартуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, ошондой эле туризм тармагын өнүктүрүү максатында район аймагында мейманканаларды ачуу боюнча тиешелүү тапшырмалар койду.
Ыйгарым укуктуу өкүл берилген тапшырмалар жеке көзөмөлүндө болорун белгилеп, бардык жетекчилерди жоопкерчиликтүү жана натыйжалуу иштөөгө чакырды. Ошондой эле 2025-жылдын жыйынтыгы менен натыйжа көрсөткөн бир катар кызматкерлерге ыраазычылык барактарын тапшырды.
Автор anarkan_kg
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
-
16.05.2025 / Автор anarkan_kg ЭНЕЛЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
-
09.06.2025 / Автор anarkan_kg БИШКЕК-БАЛЫКЧЫ БАГЫТЫНДАГЫ ЖОЛ КООПСУЗДУГУНА КӨЗӨМӨЛ КҮЧӨТҮЛӨТ
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg “АЛТЫН СЕРТИФИКАТКА” ЭЭ БОЛГОН ЖАНА АЛДЫҢКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.