Аймак

МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ КӨМӨК ЧОРДОН КУРУЛАТ

МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ КӨМӨК ЧОРДОН КУРУЛАТ

 3 Бардыгы /

Быйылкы жылы Манас шаарынын электр энергиясына болгон муктаждыгын камсыздоо максатында 110/10 кВ «Бакай» көмөк чордону курулат. Бул тууралуу Энергетика министри билдирди.

Маалым болгондой, жаңы объект калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт. Ошондой эле эскирген 3 энергетикалык объект жаңыланат. Алар:

Кара-Көл РЭТинин имараты;

Аксы РЭТине караштуу Кербен УЭТинин имараты;

Токтогул РЭТине караштуу Үч-Терек УЭТинин имараты.

Мындан тышкары Жалал-Абад облусу боюнча 5000 темир-бетон мамыча алмаштырылып, 270 чакырым аба чубалгысы заманбап СИП электр өткөргүчтөрүнө өткөрүлөт жана 50 даана жаңы трансформатор орнотулат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17