Аймак

№13 ОКРУГДА КАЙРА ШАЙЛОО ЖОККО ЧЫГАРЫЛЫП, МУРУНКУ ШАЙЛООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ МЫЙЗАМДУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ

№13 ОКРУГДА КАЙРА ШАЙЛОО ЖОККО ЧЫГАРЫЛЫП, МУРУНКУ ШАЙЛООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ МЫЙЗАМДУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ

 3 Бардыгы /

Бүгүн, 13-февралда № 13 көп мандаттуу шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо боюнча 2025-жылдын 30-декабрындагы токтом жокко чыгарылды. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.

№13 округ боюнча 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы мыйзамдуу деп табылды.

БШКнын бүгүнкү жыйынында Боршайкомдун Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Махабат Кожокеева билдиргендей, БШКга 13-шайлоо округунан шайлоого катышкан талапкерлер – Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабековадан жамааттык арыз келип түшкөн. Анда алар БШКны 3-декабрда шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгууну суранышкан.

Боршайком арызды карап, калыс чечим чыгаруу максатында Ички иштер министрлигине маалымат алуу үчүн билдирме жөнөткөн. ИИМ өз кезегинде шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 13-округуна караган шайлоо тилкелерине орнотулган жабдуулар Бакыт Сыдыковдун тарапташтарына тиешелүү экени аныкталгандыгын билдирген.

Мындан улам БШК башка талапкерлерге эч кандай айып тагылбагандыктан Бакыт Сыдыковду четтетип, калган талапкерлерге мандаттарды бөлүштүрүү чечимин кабыл алды.

Мында КР БШКнын 2025-жылдын 3-декабрындагы №161 токтому жокко чыгарылып, № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоосу өттү деп таанып, талапкерлер: Талант Мамытовду, Айбек Алтынбековду жана Айгүл Карабекованы жеңүүчү деп тапты.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17