Аймак

ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ ОШ — КАРА-СУУ АВТОЖОЛУНУН КУРУЛУШУНУН ЖҮРҮШҮ МЕНЕН ЖЕРИНДЕ ТААНЫШТЫ

ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ ОШ — КАРА-СУУ АВТОЖОЛУНУН КУРУЛУШУНУН ЖҮРҮШҮ МЕНЕН ЖЕРИНДЕ ТААНЫШТЫ

 3 Бардыгы /

Президент Садыр Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош — Кара-Суу автоунаа жолунун курулушунун жүрүшү менен жеринде таанышты.

Мамлекет башчысына ушул тапта жолдун тилкесин кеңейтүү жана эски асфальтты алуу иштери жүргүзүлүп жаткандыгы маалымдалды. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев долбоордо тротуарлар жана велосипед жолу дагы кошо каралгандыгын билдирди.Мындан тышкары жол кыймылынын коопсуздугун такай камсыз кылуу максатында рельефтик шарттары ылайык келген жерлерде ортосуна бөлүүчү тосмо коюлат. Ошондой эле жолдун бүткүл узундугу боюнча жарыктандыруу дагы орнотулат. Трассанын бул бөлүгүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди. Төрт тилкелүү жол өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир топ жогорулатып, тыгындарды азайтып, жол кыймылынын коопсуздук деңгээлин жогорулатат. А бул өз кезегинде Кара-Суу районунун транспорттук каттамдарын ого бетер жакшыртат, ошондой эле шаарлар жана региондор аралык жүк жана жүргүнчү ташуу жараянын ыкчамдатат.

Аталган долбоорду жүзөгө ашыруунун жүрүшү менен таанышкан Президент Садыр Жапаров тиешелүү министрликке бир катар тапшырмаларды дагы берди. Мунун ичинде жолдун курулушун ушул жылдын аягына чейин бүтүрүүнү, ошол эле учурда аткарылып жаткан иштердин сапатына дагны өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17