Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЧЕК АРАДА ЖҮРҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮРҮЛДҮ
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1 Бардыгы / Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов Ош шаарына адаттагыдай жумушчу сапарын жасады. Ал адегенде аталган калаадагы Юрий Гагарин жана Валентина Терешкова атындагы орто мектептердин окуучулары менен жолугушту. Сөз арасында замандашыбыз биздин кабарчыбызга курган маегинде балалык кыялы, космосту багындырууга жасаган аракеттери, космостук учуулары жана жеткен ийгиликтери менен тең бөлүштү. – Салижан мырза, Ата Мекениңизге […]
2 Бардыгы / Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов Ош шаарына адаттагыдай жумушчу сапарын жасады. Ал адегенде аталган калаадагы Юрий Гагарин жана Валентина Терешкова атындагы орто мектептердин окуучулары менен жолугушту. Сөз арасында замандашыбыз биздин кабарчыбызга курган маегинде балалык кыялы, космосту багындырууга жасаган аракеттери, космостук учуулары жана жеткен ийгиликтери менен тең бөлүштү. – Салижан мырза, Ата Мекениңизге […]
Салижан ШАРИПОВ: “КЫРГЫЗСТАНДАН КЕЛЕЧЕКТЕ ДАГЫЛЕ КОСМОСТУ БАГЫНДЫРГАН АДАМДАР ЧЫГААРЫНА БЕКЕМ ИШЕНЕМ!”
14.04.2026 / Автор anarkan_kg3 Бардыгы /
Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов Ош шаарына адаттагыдай жумушчу сапарын жасады. Ал адегенде аталган калаадагы Юрий Гагарин жана Валентина Терешкова атындагы орто мектептердин окуучулары менен жолугушту. Сөз арасында замандашыбыз биздин кабарчыбызга курган маегинде балалык кыялы, космосту багындырууга жасаган аракеттери, космостук учуулары жана жеткен ийгиликтери менен тең бөлүштү.
– Салижан мырза, Ата Мекениңизге куш келипсиз! Ушул тапта технология аябай өнүккөн заман эмеспи. Ошондуктан, Кыргызстандын өлкөбүздүн өнүгүүсү жана мамлекеттин коопсуздугун чыңдоо максатында космосту пайдаланууга кудурети жетеби? Балким, Кыргыз Өкмөтүнө бул өңүттө Сиздин сунуштарыңыз бардыр?
– Жашырып не. Азыркы күндө космос аркылуу пайда болгон көп нерселерди Кыргызстан турмушунда колдонуп жатат. Менимче, эгерде биздин жетекчилер, Өкмөт башчылар бул жаатта билимди өркүндөтүүгө жана иштетүүгө кызыкса, абдан чоң пайда болмок. Жаңы жана дагы заманбап билим эч качан жамандыкка алып барбайт!
Мен мектепке барганда космонавтикага тиешелүү китептерди көп окудум. Ал кездерде ар бир космоско учууну теле-радиодон сөзсүз берип турушчу. Муну көргөн миңдеген балдар космонавт болууну каалаган. Мен дагы космонавт болом деп ушул максатка жетүү аракетин жасадым. Ошентип, мектепти аяктаган соң учкучтар окуу жайына тапшырдым. Кийин учкуч болуп иштеп жатканда космонавттарды даярдоо борборуна атайын комиссиядан өтүү өтүнүчү менен кат жаздым. Ошентип, моминтип космонавт дагы болуп калдым.
– Сиз айылда, жөпжөнөкөй эле карапайым үй-бүлөдө төрөлүп-өскөнүңүздү жакшы билебиз. Ушул тапта шаар-кыштактарда космонавт болууну самаган балдар, албетте, жок эмес. Сиз аларга ириде кандай кеп-кеңеш берээр элеңиз? Өз максатына жетүү максатында алар эң башкысы эмне кылышы кажет?
– Эң башкысы: эгерде бала космонавт болууну кааласа, анда биринчиден, сөзсүз ден-соолугун чыңдашы кажет! Анткени, саламатчылыгы мыкты адам гана космоско учат. Экинчиден, аябай көп окуу абзел! Ошондой эле алдына так максат коюу зарыл. Эгерде адамдын реалдуу максаты болсо, ал ага жетүү үчүн болгон күч-аракетин жумшайт.
Менимче, адам кайсы тармакта болбосун өз ишинин майын чыгара иштөөсү керек. Тээ алыскы райондо кайсы бир айылда жашаган бала дагы өз максатына жете алат. Анткени, бүгүнкү заманда жаштарга өз ой-максатын жүзөгө ашыруу үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөр түзүлбөдүбү.
– Айтсаңыз, Сиз космостогу салмаксыздык абалын кантип сүрөттөөр элеңиз? Аны эмнеге салыштырат элеңиз?
– Бул ал-акыбалды сөз менен түшүндүрүү дегеле мүмкүн эмес! Космоско учаарга чейин мен сүрөттөрдү, тасмаларды көрүп, учууну башынан өткөргөн космонавттардын айткандарын угуп, космосту таптакыр башкача элестеткем. Ал эми өзүм космоско алгачкы жолу учканда такыр башкача сезимдерге туш болдум. Учкандагы, космосто жүргөн абалды айтып берүү дегеле мүмкүн эмес.
– Демек, коркуу сезимдери сөзсүз болсо керек?
– Биз учаардын алдында даярданабыз да. Албетте кандайдыр-бир
коркуу сезими болоору анык. Анткени биз баарын көзөмөлдөй алабыз деген таптакыр туура эмес! Ар кандай кокустуктар болуп кетиши дагы толук ыктымал. Ошондуктан азыраак коркунуч болоору шексиз!
– Салижан мырза, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, маегибиздин соңунда жалпы Кыргыз элине – мекендештериңизге эмне каалайт элеңиз?
– Эң башкысы Кыргызстанда дайыма тынчтык гана өкүм сүрсүн! Кыргыз эли акылдуу, меймандос, момун эл. Кыргызстандыктар мыкты жашоого татыктуу! Андыктан өлкөбүз ыкчам өнүгүп-өсүп, башка алдыңкы мамлекеттерден кем калбаган, элибиз бай, билимдүү болсо деп тилеймин! Ар бир балага мектепте мыкты билим берилсе, чоңойгондо балдарыбыз өлкөбүз үчүн ак кызмат өтөсө деп ойлойм.
МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
Маектешибиз – Кыргызстандын туңгуч космонавты, авиациянын генерал-майору, Орусия Федерациясынын, Өзбекстандын жана Кыргыз Республикасынын Баатыры Салижан ШАРИПОВ 1964-жылдыен 24-августунда Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарында төрөлгөн. Орусиянын Оренбург авиация училищасын жана Украинанын Харьков учкучтар жогорку аскердик авиация училищасын аяктаган. Анан дагы Борбор Азия Аскер округунда Аскер-Аба күчтөрүндө учкуч-тескөөчү сыңары кызмат өтөгөн. 1990-жылы Ю. А. Гагарин атындагы космонавттарды даярдоо борборунун космонавттар отрядына кабыл алынган. 1998-жылы — шаттл Endeavour STS-89, ал эми 2004–2005-жылдары — Союз ТМА-5/МКС космос кораблдеринде 201 сутка Айга учкан. А түгүл эки ирет космостун ачык мейкиндигине чыкканга үлгүргөн.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
-
13.04.2026 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
18.02.2026 / Автор anarkan_kg СУЗАК РАЙОНУНДА СОЦИАЛДЫК ШААРЧАНЫН КУРУЛУШУНА КАПСУЛА САЛЫНДЫ
-
04.03.2026 / Автор anarkan_kg ОШТУда АСПИРАНТТАРГА СЕРТИФИКАТТАР ТАПШЫРЫЛДЫ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.