Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЧЕК АРАДА ЖҮРҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮРҮЛДҮ
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1 Бардыгы / Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 10-апрелинен бери Ош шаарын жана Ош облусун түгөл кыдырды. Адегенде Аймактарда жасалып жаткан иштер менен жеринде кенен-чонон таанышты. Буга улай жергиликтүү тургундар менен дагы бетме-бет жолугушуп, элдин муң-зарын жеринде гана дыкаат тыңдады. Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы үч саатка созулган ачык-айкын баарлашууда жер талашы, үйдүн Кызыл китеби, базардын шаар тышына […]
2 Бардыгы / Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 10-апрелинен бери Ош шаарын жана Ош облусун түгөл кыдырды. Адегенде Аймактарда жасалып жаткан иштер менен жеринде кенен-чонон таанышты. Буга улай жергиликтүү тургундар менен дагы бетме-бет жолугушуп, элдин муң-зарын жеринде гана дыкаат тыңдады. Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы үч саатка созулган ачык-айкын баарлашууда жер талашы, үйдүн Кызыл китеби, базардын шаар тышына […]
ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ ОШ ЖЕРГЕСИН КЫДЫРЫП, ЭЛДИН МУҢ-ЗАРЫН ЖЕРИНДЕ ТЫҢДАДЫ
14.04.2026 / Автор anarkan_kg3 Бардыгы /
Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 10-апрелинен бери Ош шаарын жана Ош облусун түгөл кыдырды. Адегенде Аймактарда жасалып жаткан иштер менен жеринде кенен-чонон таанышты. Буга улай жергиликтүү тургундар менен дагы бетме-бет жолугушуп, элдин муң-зарын жеринде гана дыкаат тыңдады.
Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы үч саатка созулган ачык-айкын баарлашууда жер талашы, үйдүн Кызыл китеби, базардын шаар тышына көчүрүлүшү, же бала бакчанын жоктугу өңдөнгөн маселелер жамгырдай эле жаады. Араван менен Кара-Суу райондорунда деле кудум ушундай теңирден текскери көрүнүштөр айтылды. Маселен, ириткен ирригация, суусаткан таза суу, бутпөгөн мектеп курулушу жана укук коргоо органдарынын ишине көбөйгөн нааразычылыктар. Жыйындарда көтөрүлгөн маселелердин 90 пайызы дээрлик президенттин деңгээлиндеги стратегиялык чечимдер эмес, жергиликтүү акимдердин, мэрлердин, же айыл өкмөттөрүнүн күнүмдүк гана жумушу. Эмне үчүн карапайым калк өзүнүн айылындагы арыкты тазалатуу, же документ алуу үчүн мамлекет башчысынын келишин зарыга күтүшү кажет?
Эң өкүнүчтүүсү: Өлкө башчысы Садыр Жапаров менен жолугушууда аравандык тургун президентке “Мына, Сиз келет дегенден бери эки жума ичинде өмүрү акталбаган жерлер агарды” дегени жергиликтүү бийликтин чыныгы жүзүн ачып таштады. Бул сөздө чоң үмүт менен кошо ачуу чындык кошо жатат. Көрсө, жергиликтүү жетекчилердин колунан иш келет экен, болгону аларды ойготуу үчүн сөзсүз түрдө президент Аймактарга барышы керекпи? “Эч качан акталбаган-сырдалбаган жерлер акталып-сырдалып калды”, – дед тызылдаган Араван районуну тургуну президентти башка райондорго дагы убакыт таап, бир-эки жылда келип турууну катуу өтүндү.
Мындай көрүнүш эски замандан калган көз боёмочулук илдети дагыле бардыгын каңкуулайт. Имаратты актап, жолду жамап койсо эле иштеп жатабыз дегендик эмес! Бирок, элдин ичиндеги чечилбеген көйгөйлөр ошол жаңы сырдалган дубалдардан алда канча бийик эмеспи?!? Ошондуктан, өлкө башчысы Садыр Жапаров Аймактарды мындан ары күтүүсүз кыдыраарын айтып, жергиликтүү бийлик дагы деле илгеркидей адат менен президент келээрде эле тазаланып калбай, күн сайын иштерди аткарышы керектигин баса белгиледи.
Элдин президент Садыр Жапаровго Оштогу баардык жолугушууларда түз кайрылып жаткандыгы, мындай форматтагы кездешүүлөргө эл чаңкап тургандыгы, демек, жергиликтүү бийликке болгон ишенимдин таптакыр жоктугу. Демек, карапайым калк район акимине барып маселеси чечилбесине көзү жеткен соң, акыркы үмүт катары президентке моминтип даттанып жатпайбы. Бул башкы бийлик жан үрөп иштеп жатканынан кабар берсе, ал эми жергиликтүү бийлик өзүнө жүктөлгөн милдетти толугу менен аткара албай жаткандыгын гана айгинелейт…
Түштүк жергесине сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров алкагында алыскы Чоң-Алай районундагы “Кара-Мык” чек ара бекетинин инфратүзүмүн жакшыртуу долбоору менен дагы жеринде таанышты. Мамлекет башчысына адегенде объекттин социалдык жана инженердик инфрастузүмүн модернизациялоого багытталган чаралар комплекси этап-этабы менен ишке ашырылып жатканы тууралуу маалымат берилди. Тактап айтканда, өздүк курамдын кызмат өтөө жана жашоо-шарттарын жакшыртууга багытталган бир катар объекттер пайдаланууга тапшырылды. Алардын катарына кызматтык турак жайлар, бала бакча, ошондой эле жашоо-тиричиликти камсыздоочу жана коммуналдык инфратүзүм объекттери кирет.Ушул таптадолбоордун кийинки баскычы кызуу улантылууда. Анда кошумча аскердик жана чарбалык багыттагы объекттерди куруу жана модернизациялоо, ошондой эле мурдагы имараттарды жаңылоо каралган. Баардык иштерди ушул жылдын ичинде аяктоо пландаштырылууда. Иш сапарынын соңунда президент Садыр Жапаров чек арачылардын үй-бүлө мүчөлөрү менен дагы бетме-бет баарлашып, алардын жашоо-шарттары жана аскер кызматкерлеринин айлык маянасы боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурду.
Президент Садыр Жапаров жакынкы жылдары Кара-Суудагы калктуу конуштар таза суу инфратүзүмү менен камсыздалааарын убада кылды. Мамлекет башчысынын айтымында, сугат суусунун жетишсиздиги маселесин чечүү үчүн насос бекеттерин куруу жана каналдарды жаңылоо сыяктуу ири инфратүзүмдүк долбоорлор ырааттуу түрдө жүзөгө ашырылып жатат. Президент калкты ичилүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселесин этап-этабы менен чечүү зарылдыгын баса белгилеп, жакынкы жылдары райондогу калктуу конуштардын басымдуу бөлүгү тиешелүү заманбап инфратүзүм менен камсыз болооруна ишенээрин жашырган жок!
Сөз арасында мамлекет башчысы Садыр Жапаров Түндүк-Түштүк жолун курууга алынган 1 миллиард доллардын жарымы сол чөнтөккө солонуп кеткендигин жар салды: – Айланайындар!1 миллард доллар акча менен мындай жолдон экини салып коюуга мүмкүн эле…Бул долбоор боюнча чын-чынына келгенде баягы таш кулай турган, көпүрөлөрдүн туура эмес жерлери, тоонун түптөрүнө салып койгон, кум-шагыл куюла турган, кыштын күнү кар-көчкү түшө турган жерлерин таптакыр караган эмес экен. Биз акыркы үч-төрт жылдан бери изилдеп отуруп, былтыр ишке киришкенбиз. Курулуш министрлиги дагы бир 5-6 тилкени алган. Ошондуктан, жаңы туннелдин ары-бери жагында көп иштер бар экен. Үлгүрсөк, бул жол 2027-жылдын күз мезгилине чейин, болбосо 2028-жылы толук бойдон ачылат. Жайы-кышы дебей ачсак болот. Мурдагылардын кемчилиги болсо дагы, биз баардыгын моюнубузга алып, аягына чыгаралы деп жатабыз.
Баса, былтыр Ош облусун өнүктүрүүгө Турукташтыруу фондунан 13 миллиард сом бөлүнгөн. Мамлекет башчысы белгилегендей, мынча каражат Ош шаарын жана Ош облусун ырааттуу түрдө өнүктүрүүгө, облустар ортосундагы автожолдорду реконстукциялоо жана куруу боюнча инфратүзүмдүк долбоорлорго гана багытталган.
Ошондой эле президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында аталган фонддон 200 миллион сом бөлүнүп, кошумча жаңы долбоорлорду каржылоо пландаштырылып жаткандыгын кошумчалады: – Азыркы мезгилде Ош облусу боюнча инфратүзүм, суу менен камсыз кылуу, саламаттык сактоо, экологияны коргоо, транспорт жана аймактарды өнүктүрүү секторлорунда 52 млрд сомдук 20 инвестициялык долбоор жүзөгө ашырылууда. Булардын бардыгы Эл аралык Донорлор менен Каржы институттарынын инвестиция бөлүүгө кызыкдар экендигин, долбоорлорду ишке ашырууда туруктуу динамика бар экенин айкындайт.
Сөз арасында президент Садыр Жапаров жакын арада министрликтердин жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин Аймактарга үзгүлтүксүз чыгуу графиги бекитилээрин дагы убадалады. Бул чара жергиликтүү деңгээлде иштин натыйжалуулугун ого бетер арттырууга жана жарандардын кайрылууларын өз убагында кароого гана багытталган. Суроо-жооптордун жыйынтыгына караганда, өлкө жетекчиси тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берип, ар бир кайрылууну ыкчам жана объективдүү кароо зарылдыгына басым жасамакчы. Ош жергесине жасаган сапарынын соңунда президент Садыр Жапаров инфратүзүмдү ого бетер өнүктүрүү, жашоо сапатын тынымсыз жогорулатуу жана мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүктү мындан ары кеңейтүү негизги артыкчылыктар бойдон калаарын баса белгиледи. Ал бул өңүттөгү иштер ырааттуу түрдө, аны менен катар алыскы жана бийик тоолуу аймактардын муктаждыктарын эске алуу менен гана улантылаарын катуу убадалады.














Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
13.04.2026 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
13.04.2026 / Автор anarkan_kg ЧЕК АРАДА ЖҮРҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮРҮЛДҮ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg Жакып МАМАЖАНОВ: “КЕҢИРИ ФОРМАТТАГЫ ЖОЛУГУШУУЛАРДЫ АКТИВДЕШТИРДИК!”
-
29.04.2025 / Автор anarkan_kg КАРА-КУЛЖА ТЫНЧ ЭМЕС!
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.