Аймак

БИЙЛИК-АДИЛЕТТҮҮ, ЭЛИБИЗ – БИРИМДИКТҮҮ БОЛСУН!

БИЙЛИК-АДИЛЕТТҮҮ, ЭЛИБИЗ – БИРИМДИКТҮҮ БОЛСУН!

 2,456 Бардыгы /

Урматтуу мекендештер!

Мамлекетибиз өз алдынча туу көтөрүп, өз жолун издеп келе жатканына 27 жыл болду. Кыргызстан эгемендүүлүк жылдар аралыгында өтө татаал жолду басып өттү.  27 жылда далай сыноолорду баштан кечирди.

Тарыхка көз чаптырсак, кыргыздар эң байыркы элдерге кирет, ата-бабаларыбыз кезинде Энесайдан тарта Ала-Тоо, Памир тоолоруна чейин, Алтайдан тарта Оролго чейин көз жеткис мейкиндикти ээлеп, күчтүү мамлекет – Кыргыз каганатын курушкан.

Миң жыл илгери биздин аймак аркылуу өткөн Жибек жолу ошол доордогу өнүгүүнүн эң мыкты үлгүсү болгон. Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари, Барпы апыз сыяктуу көрүнүктүү илимпоздор менен акындар биздин жерибизден өсүп чыккан.

Элибизде өткөн мурасын жандантып, байытып, азыркы заманга шайкеш келтирүү аракеттери күч алды. Буга жыл сайын өткөрүлүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары мисал. Дал кыргыз жери көчмөндөр мурасын дүйнөгө жайылтуунун ордосу болуп калды.

Кыргызстан өз жолун тапты. Эркин, демократиялуу коомду куруу жолуна түштү. Көз карандысыз маалымат каражаттары, күчтүү жарандык коом түзүлдү.

Урматтуу мекендештер!

Эгемендүүлүк күнүбүз кут болсун! Баарыңыздарга  узун өмүр, чын ден соолук, бакыт-таалай каалайм! Жараткан жолубузду ачып, дайыма колдоп жүрсүн! Бийлик-адилеттүү, элибиз – биримдиктүү, жерибиз – берекелүү болсун!

 

КСДП партиясынан депутат, Сайдилла Чимбердиев

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17