Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,489 Бардыгы / Жалал-Абад шаарында өткөн жылы курулган жер асты өтмөгүнө дагы 8 миллион 735,2 миң сом керек болууда. Шаар мэриясы шаардык кеңештен быйылкы жылдын бюджетинен ушунча сумманы төлөп берүүнү суранды. Ал эми шаардык кеңештин депутаттары бул маселе “таза эместигин” айтышып, андан баш тартышты да тийиштүү токтомду чыгарышты. Эгер жер асты өтмөгүнүн таржымалына кайрылсак, аны куруу […]
2,490 Бардыгы / Жалал-Абад шаарында өткөн жылы курулган жер асты өтмөгүнө дагы 8 миллион 735,2 миң сом керек болууда. Шаар мэриясы шаардык кеңештен быйылкы жылдын бюджетинен ушунча сумманы төлөп берүүнү суранды. Ал эми шаардык кеңештин депутаттары бул маселе “таза эместигин” айтышып, андан баш тартышты да тийиштүү токтомду чыгарышты. Эгер жер асты өтмөгүнүн таржымалына кайрылсак, аны куруу […]
ЖАЛАЛ-АБАД: ЖЕР АСТЫ ӨТМӨГҮНӨН ЧЫККАН ЧЫР
12.03.2019 / Автор aymak2,491 Бардыгы /
Жалал-Абад шаарында өткөн жылы курулган жер асты өтмөгүнө дагы 8 миллион 735,2 миң сом керек болууда. Шаар мэриясы шаардык кеңештен быйылкы жылдын бюджетинен ушунча сумманы төлөп берүүнү суранды. Ал эми шаардык кеңештин депутаттары бул маселе “таза эместигин” айтышып, андан баш тартышты да тийиштүү токтомду чыгарышты.
Эгер жер асты өтмөгүнүн таржымалына кайрылсак, аны куруу идеясы 2016-жылы пайда болгон. Борбордук Ленин көчөсүндө унаа агымы өтө көбөйүп, калктын жол коопсуздугу көйгөй жараткан. Ошол кездеги шаар бийликтери борбордук көчөгө удаасы менен эки асма көпүрө куруп, көчөнүн кыйла бөлүгүн кеңейткен. Натыйжада жол кыймылынын коопсуздугу кыйла жогорулаган. Бирок, шаардын дал ортосундагы Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинде абал кыйындап, бийликтер тарабынан өткөрүлгөн расмий сурамжылоонун натыйжасында жер астынан өтмөк куруу маселеси чечилген.
Ошентип, 2018-жылы атайын долбоор даярдалып, биринчи жер асты өтмөгүн куруу башталган. Өтмөктүн долбоордук наркы 19 миллион сом деп бааланып, кийин тендердик жалпы чыгымы 12 миллион 801 миң 200 сомду түзгөн. Аткаруучу фирма да аныкталып, ал курулушту алып барган. Кызык жери, курулуштун долбоордук сметасына эң керектүү болгон бетон менен арматуранын наркы кошулбай калган экен! Муну шаардык курулуш департаменти техникалык катачылык (!) деп түшүндүрүүдө.
Шаар бийлигинин кепилдиги менен аткаруучу фирма курулушту бүткөрдү, эми сметага кошулбай калган 5 миллион 786 миң 200 сомду төлөп берүүнү талап кылууда. Бул сумма шаар мэриясы тарабынан өткөн жыл ичи шаар бюджетине киргизилбей калгандыктан, эми аны быйылкы бюджетке чыгым катары кошуу зарылдыгы келип чыкты. Шаардык кеңештин февраль айында өткөн сессиясында бул маселе депутаттардын катуу нааразылыгын пайда кылды. Айрым депутаттар бул сумманы күнөөлүү тарап соттун чечими аркылуу төлөсүн десе, айрымдары мында коррупциялык схема барлыгына шектенип, иликтөө зарылдыгын айтышкан. Акыр аягында шаардык кеңеш Ленин – Н.Айтматова көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер астынан өтүүчү өтмөктүн сметасында кетирилген техникалык катачылык үчүн 5 миллион 786,2 миң сом акча каражатын төлөө шаар мэриясынын алдындагы объектини кабыл алган комиссиянын корутундусунун негизинде болорун белгилеп, кабыл алган комиссиянын корутундусу канааттандырарлык эмес чыккан учурда тийиштүү органдарга өткөрүп берүү жагын Жалал-Абад шаарынын аткаруу бийлигине жүктөдү.
Албетте, кабыл алуу комиссиясы иш алып барат, анан фирманын алдындагы мэриянын карызын жабуу зарылдыгы менен 5 миллион 786,2 миң сомду төлөп берүү чечимин кабыл алышат дейли. Бирок, бул сумма 12 миллион сом тендердик нарктагы иштин 44 пайызынан көбүрөөгүн, же дээрлик жарымын түзөт. Ал долбоордук сметага кантип кошулбай калган? Ким тарабынан катачылык кеткен? Бул катачылык иштин башында аныкталса да эмне үчүн сумманы төлөп берүү маселеси өткөн жылы чечилген эмес? Долбоордо каралбаган иштер кантип жасалып, кантип курулуш аягына чыгып кеткен? Эмне үчүн элдин акчасынан чогулган шаар бюджетине ушундай жүр-нары мамиле болуп жатат? Бул суроолорго тийиштүү укук коргоо органдары жооп таппаса, башкасы таппайт көрүнөт.
Деген менен, жер асты өтмөгүнүн кошумча чыгымы ушуну менен эле бүтпөптүр, чала калган иштери үчүн быйылкы бюджеттен дагы 2 миллион 949,1 миң сом бөлүндү. Ошентип, 12 миллион сомдук жер асты өтмөгүнө шаар бюджетинен эми кошумча 8 миллион 735,2 миң сом бөлүнүп жатат да, жер өтмөктүн жалпы наркы 20 миллион сомдон ашып кетти.
Эми быйылкы жылы да Жалал-Абад шаарында жер асты өтмөгү курула турган болду. Ага шаар бюджетинен бул максатта опол тоодой каражат каралды. Шаар мэриясы, тийиштүү кызматтар бул жолкусунда нормалдуу иш алып барышабы же дагы эле чалакайымдыгын көрсөтүп, элдин акчасын ар кайсы шылтоо менен чачышабы, аны мезгил көрсөтөт.
Жалил Сапаров, Жалал-Абад шаары
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
17.07.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg “КЫЛЫМДАРДЫ КАРЫТКАН, КИТЕП СҮЙЛӨЙТ ТАРЫХТАН” АТТУУ СЕМИНАР ӨТТҮ
-
31.05.2023 / Автор anarkan_kg ИИМдин КРИМИНАЛИСТИКАЛЫК КЫЗМАТЫНА 99 ЖЫЛ ТОЛДУ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.