Аймак

ТЕНДЕРДЕ КАНДАЙ КОРРУПЦИЯ БАР?

ТЕНДЕРДЕ КАНДАЙ КОРРУПЦИЯ БАР?

 1,735 Бардыгы /

Мамлекеттик кызматкерлер “бир калемди да тендерсиз сатып ала албайбыз” деп какшанып айтып эле жүрүшөт. Албетте муну ачык айтып чыга алышпайт. Мына ушул  тендер системасында жең ичинен иш кылган шылуундар жокпу деген суроо туулат. Анткени бардык сатып алуулар, курулуштар тендер аркылуу жасалып, өлкө казынасынын ар бир тыйыны тендер аркылуу сарпталып жатат десек болот. Айрыкча ири курулуштар тендерге коюлганда жеңип чыгууга кызыктар компаниялар көп болушу турган кеп. Тендер ишинин күнгөй тескейи, кемчиликтери жана артыкчылыктары, сырдуу былыктары тууралуу изилдеп көрдүк. Алгач эле тендерде коррупциянын очогу катылып жатышы мүмкүнбү- деген суроого жооп издесек. Муну жабыр тарткан же болбосо чындыкты ачык айта алган жеке ишкерлер гана айта албаса көпчүлүгү жашырышат. Беделдүү ири курулуштарды ишке ашырып жаткан жеке ишкерлерге “Тендерден кандай зыян тартып жатасыздар?” -деген суроо менен кайрылдык.

Сайдилла ЧИМБЕРДИЕВ, шаардык кеңештин депутаты, жеке ишкер:

“САПАТТЫ ТӨМӨН ТҮШҮРГӨН ЖАГДАЙЫ БАР”

Тендерде катышууда сиздерден акча тилеген жагдайлар болсо керек?

Албетте андай учур болот. Биз ачыгын айтабыз, бизге сапат керек, мындай сумманы берсек бүтүрө албайбыз деп. Ушундай жагдайлар менен айрым тендерлерден утпай калган учурлар болгон.

-Тендердин терс жактары кайсылар?

-3-4 жылдан бери тендерлерге катышып жүрөбүз, барган сайын жеңилдешип, такшалып жатат. Терс жагы арзан баа сунуштап, сапатты түшүрүп жатышат. 30-40 %га чейин төмөндөтүп салышат. Мына ушу жагдайга комиссия мүчөлөрү жакшылап көңүл буруш керек. Андан сырткары компаниянын техникалык базасы толукпу? Канчалык сапаттуу иш жасашат экенине маани берилсе жакшы. Ким арзан койсо ошол утуп чыгат, бул туура эмес, ушул жол менен сапатты түшүрүп жатабыз. Бир нече жылдан кийин эле кайра оңдолбой, жасалган жумуш көпкө чыдаш керек. Катышуучу компаниялардын сертификаты барбы, жокпу ошого да көңүл бурса жакшы болмок. Сертификаты жок курулуш компаниялардын сапатсыз жасап жаткан иштерин да көрүп эле жүрөбүз. Азыр кыйла жакшырып баратат. Башында бир портфель менен келип утуп алгандар болуп атты. Техника, жумушчу эч нерсеси жок, жалдап иштетем деген кыялда катышып утуп алып, кийин өздөрү да кыйналып калган учурлар болгон. Мен көбүнчө айыл өкмөттөрдүн тендерлерине катышам. Биринчиден, айыл өкмөттө, тактап айтканда жергиликтүү бийликте бюджет аз болгондуктан алар арзан баага кызыгып жатышат. Экинчиден, айыл аймактар болгондуктан курулуш боюнча айрыкча сапатын караган күчтүү адистер комиссияда жок болуп калат. Ошентип эле сапатсыз иш, андан кийин соттошуулар болуп жатат. Мисалы, шаарда эле Барпы-Сейил сквери сапатсыз жасалып калды. Эки компания катышып, бирин-бири сотко берип отуруп кышка калып кетти, кийин депутаттар бирикпей шаар бюджети бекилбей туруп калды, ошентип Барпы-Сейил багынын багы ачылбай сапатсыз бүттү .

Козим ХАМУРЗАЕВ, “Ай-Строй” курулуш компаниясынын жетекчиси:

“КУРУЛУШ ТЕНДЕРЛЕРИ ТАЗА ӨТПӨЙ ЖАТАТ”

Бир жакшырган жагын айтсак, мамлекеттик сатып алуулар сайтында салык кызматынан берилчү тактаманын автоматтык түрдө чыгып калганы. Мурда жеке ишкерлер ушул тактаманы алабыз деп салык кызматына убара болуп, аны дароо эле алуу кыйын болчу. Ачыгын айтканда бир- эки сомсуз бүтпөй турган майда иштерден. Азыр эми сайттын өзүндө автоматтыкк түрдө маалыматтар чыгып жеңилдеп калды. Тендерде коррупция же тааныш билиштикпи айтор ушул сыяктуу былыктар жок деп айтууга болбойт. Ага далил, бардыгы мамлекеттик сатып алуулар сайтында ачык көрүнүп турат, өзүнүн шарттары, критерийлери бар, комиссиялар тандайт дешет. Бирок ошол комиссиялар кимдер? Алар таза тандоо жүргүзөбү- деген суроо бар. Сайтта баары ачык көрүнүп турган менен комиссиялар өздөрүнө жаккан компанияны тандашат. Ошондой эле критерийлерди, шарттарды да алар келтиришет. Өздөрү жең ичинен сүйлөшүп койгон компанияга ылайыкташтырып шарттарды коюп коюшууда мүмкүн да. Ошондуктан эгерде мамлекет тендерди таза өткөрөбүз десе, анда ошол сайтта, комиссиясыз эле автоматтык түрдө тандала турган система иштеп чыгышы керек. Ооба, арзан баа сунуштаган жагдайы да таң калтырбай койбойт. Ошентип утпай калган жагдайлар көп болгон. Бир жолу биз да болушунча көгөрүп, зыянына болсо да арзан баа коюп биринчи орунду алдык эле. Бирок башка компанияга берип коюшту. Мектептин спорт залы болчу. Мамлекеттик сатып алуулар агенттигине арыз менен кайрылып, борборго чейин барып келдим. Алар “тендер өткөргөндөр комиссияны туура эмес тандаган”- деп жокко чыгарып, кайрадан бизге алып берген. Ал спорт залды бүтүрдүк. Кийин ошол эле айыл өкмөттөн мектептин курулушуна тендерге катышып дагы ушундай жагдайга туш болдук. Азыр ушул боюнча соттошуу иштери жүрүп жатат. Бирок тендерге акча берип уткандан кийин, сотторго деле акча берип коюшат сыягы. Сот иштери аягына чыга элек. Биз тендерге көбүнчө мектеп, бала бакчаларды курууга катышабыз. Ушул жумушту баштап жатканда досум шерик болуп көп кабаттуу үйлөрдү куралы десе көнбөй койгон элем. Азыр кээде өкүнүп калам, мамлекеттик тендерлерге катышып терс жагдайларын көргөндө ушул ой келет. Эгерде мамлекет тендерди таза өткөрө албаса ишкерлерди колдон чыгарат. Эң башкысы сапатты жоготот. 

Вавилон–Маркет” курулуш компаниясы былтыркы жылы Жалал-Абад шаарындагы Чехов көчөсүн кеңейтүүнү 15-ноябрда бүткөрүшү керек эле. Бирок бүтпөй кийинки жылдын жаз айына калып кеткен. Ушундай кызматы менен көрүнгөн бул курулуш компаниясы кийинки жылы да бир канча курулуш объектилерин тендерден утуп алды. Жер асты өтмөгүн “Сафари” жоопкерчилиги чектелген коому куруп, анын артынан ызы-чуу чыккан. Курулгандан кийинки биринчи жамгырда эле суу өтүп, жарака кеткен. Бул маанилүү долбоорго арматура менен бетон кошулбай калган деп, кошумча 5 миллион 700 миң сом сурашкан. Аны жергиликтүү бийлик сот аркылуу төлөп бермекчи болгон. Ушунча ызы-чуудан кийин деле бул компания экинчи жер асты өтмөгүн курду.

 

Акылбек НУРКУЛОВ, Жалал-Абад шаардык капиталдык курулуш департаментинин башчысы:

“АТАЙЫН БИР КОМПАНИЯ УТСУН ДЕП ТЕНДЕРГЕ КОЙБОЙБУЗ”

Мыйзам чегинде тендердин өзүнүн критерийлери, шарттары бар. Каалаган адам катыша алат. Жер асты өтмөгүнүн экинчи этабын тендерге койгондо 3 компания катышты. Алардан “Сафари” жоопкерчилиги чектелген коому утуп алды. Экөө эки башка оъбект. Биринчи жер асты өтмөгү былтыркы жылы курулган, экинчиси кийинки жылы болуп жатат. Биз сөзсүз бир компания утсун деп тендерге койбойбуз. Мамлекеттик сатып алуулардын өзүнүн мыйзамы бар, ага карай иш тутабыз. Катышкандардын техникалары жана башка шарттары каралып комиссия тандап чыгат. Биринчи жер асты өтмөгү боюнча чуу чыкканда эсептөө палатасы текшерип, “баары жайында” деп жыйынтык чыгарып кеткен. Эгерде тендерден мыйзам бузулган болсо, экинчи тараптар дароо эле кайрылса болот. Анткени финансы министрлигинин ведомстволор аралык комиссиясы бар, тендер таза эмес өттү деп аларга кайрылса карап чыгышат. Тендерден утуп алып сапатсыз жасап кете бербейт, келишимдерде каралгандай калыбына келтирет, жооп берет. Баары мыйзам чегинде корголгон.

Калыбек АКМАТОВ, КРдин Маалымат технологиялар жана байланыш комитетинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси:

“САНАРИПТЕШТИРҮҮНҮН АЛКАГЫНДА ТЕНДЕРГЕ  КАТЫШКАН ИШКЕРЛЕРГЕ  ЖЕҢИЛДИК  ЖАРАТЫЛДЫ”

-“ Өлкөнү санариптештирүү жана региондорду өнүктүрүү” жылына карата аткарылган иштердин катарында аталган маселе да каралган. Мисалы, мамлекеттик сатып алуулар сайтынын жеңилдеши. Бизде “Түндүк” программасында азыр 69 мекеме- ишкана туташып иштеп жатат. Калгандарына да күн санап өтүүдө. “Түндүк” программасы документтерди ачык көрсөтүп жарандар, тактап айтканда карапайым элдер ар кайсы мекемеге кагаз чогултуп чуркабайт. Ошол эле пенсия, жөлөк пул жана башка кызматтарда ишкана кыдырып кагаз-тактама топтоп келбей жеңилдеп калат. Ушул сыяктуу эле тендерге катышкан жеке ишкерлер салык кызматынан тактамасын айлап күтүп алып кыйналышпайт, сайтта автоматтык түрдө чыгып турат. Мына ушундай жеңилдиктер аз-аздан жаралып жатат. Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар сайтында иштөөнү өздөштүрүүдө мекеме-ишканалардын бухгалтер же тиешелүү адистерин окутуу жагынан колдоо көрсөтө алабыз. Ал үчүн министрлик аркылуу бизге кайрылышы керек.

Ал эми Жалал-Абад областтык капиталдык курулуш департаментинин адиси кыскача төмөнкүлөргө токтолду.

-Бизде июль айынан тарта жаңы система менен иштеп жатабыз. Анда мамлекеттик сатып алуулар сайтын ачканда тендерге катышкан жеке компаниялардын тизмеси чыгат, бирок алар курулушту канча сомго бүткөрүп берер баасы көрүнбөйт. Биз документтерин, аткарган иштерин, техникалык абалын карап ондогон катышуучулардын ичинен ылайыктуу делген бир нече курулуш компаниясын тандайбыз. Ошону менен экинчи этапта сайт өзү автоматтык түрдө эң арзан баа сунуштаган тарапты тандайт. Мына ушундай система, коррупция жок. Үстүбүздөн текшерип турган көзөмөлдөөчү органдар бар.

Роза АКМАТЖАН кызы,  “Аймак”   

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17