Аймак

COVID-19: ӨЛКӨДӨ ЖАҢЫ 13 УЧУР КАТТАЛДЫ

COVID-19: ӨЛКӨДӨ ЖАҢЫ 13 УЧУР КАТТАЛДЫ

 804 Бардыгы /

Үстүбүздөгү жылдын 28-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 13 учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Илдет  Бишкек шаарынан – 3, Чүй облусунан – 6, Нарын облусунан – 2, ал эми Жалал-Абад облусунан – 2 жарандан аныкталган.

Республика боюнча аталган илдетти жугузгандардын саны бүгүнкү күндө 708ди түздү. Андан сырткары бир сутка ичинде 21 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Алар:

Бишкек ш. – 3

Ош ш. – 2

Ош облусу – 1

Жалал-Абад облусу – 9

Нарын облусу – 1

Ысык-Көл  обслусу – 4

Баткен обслусу – 1

Өлкө боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 416 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17