Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: МИЛИЦИЯНЫН КӨЧМӨ КАБЫЛДАМАСЫ ӨЗ ИШИН СТАБИЛДҮҮ УЛАНТУУДА

ЖАЛАЛ-АБАД: МИЛИЦИЯНЫН КӨЧМӨ КАБЫЛДАМАСЫ ӨЗ ИШИН СТАБИЛДҮҮ УЛАНТУУДА

 1,688 Бардыгы /

 Жалал-Абад областынын аймагында милиция менен элдин ортосундагы мамилени мындан ары да жакындаштыруу максатында бир топ жумуштар аткарылууда.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, милициянын көчмө кабылдамасы алыскы айылдарга чейин жетип барып, калк арасында жугуштуу илдеттин алдын алуу жана жайылтпоо максатында бир нече иштер алып барылып, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү жеринде каралууда. Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, кырсыктардын алдын алуу багытында ата-энелерге жана окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Милициянын көчмө кабылдамасынын негизги максаты эл арасындагы арыз-даттанууларды жеринде кабыл алуу болуп саналат.

Эске салсак, ЕККУ тарабынан Жалал-Абад областы боюнча 5 атайын жабдылган автоунаа берилип, азыркы учурда да күйүүчү майын камсыздоо жагынан бир топ колдоо көрсөтүп келишет.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17