Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
КАРКЫРА-МИСТЕ КАНАЛЫН ОҢДОО БАШТАЛАТ
МАНАС ШААРЫНДА ИРИ МАРАФОН ӨТТҮ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
859 Бардыгы / Биринчи май райондук сотунда 22-июнда парламент депутаты Асел Кодуранова, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаевге, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, атайын кызматтын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевге жана кеңешчиси Кундуз Жолдубаевга бир нече берене боюнча айып тагылды. Алар бийликти күч менен басып алуу, барымтага алууну, массалык баш-аламандыктарды уюштуруу сыяктуу оор беренелер менен айыпталып жатышат. Бул тууралуу райондук […]
860 Бардыгы / Биринчи май райондук сотунда 22-июнда парламент депутаты Асел Кодуранова, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаевге, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, атайын кызматтын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевге жана кеңешчиси Кундуз Жолдубаевга бир нече берене боюнча айып тагылды. Алар бийликти күч менен басып алуу, барымтага алууну, массалык баш-аламандыктарды уюштуруу сыяктуу оор беренелер менен айыпталып жатышат. Бул тууралуу райондук […]
КОЙ-ТАШ ОКУЯСЫ БОЮНЧА КОДУРАНОВА МЕНЕН МИСКЕНБАЕВГЕ АЙЫП УГУЗУЛДУ
23.06.2020 / Автор aymak

861 Бардыгы /
Биринчи май райондук сотунда 22-июнда парламент депутаты Асел Кодуранова, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаевге, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, атайын кызматтын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевге жана кеңешчиси Кундуз Жолдубаевга бир нече берене боюнча айып тагылды.
Алар бийликти күч менен басып алуу, барымтага алууну, массалык баш-аламандыктарды уюштуруу сыяктуу оор беренелер менен айыпталып жатышат.
Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы маалымдады. Иш убактысы аяктаганына байланыштуу, кийинки соттук териштирүү 29-июнга белгиленди.
Буга чейин өзүнө коюлган айыптоону Кундуз Жолдубаева “абсурд” деп атаган. Ал эми Атамбаевди колдогон КСДП партиясынын басма сөз кызматы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевдин билдирүүсүн тараткан. Анда Сагымбаев өзүнө 11 берене менен айып коюлуп жатканын айткан. Бийлик “тергөө менен кызматташууга барсаң, эркиндикке чыгасың” деп сунуштап жатканын, бирок Атамбаевди сатпай турганын билдирген.
Парламенттин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев да Атамбаевди колдогон КСДП партиясынын басма сөз кызматы аркылуу билдирүү таратты.
“Ал окуя, менин жарадар болгонумдун баары Интернет булактарында айдан ачык эле турат. Мен жабырлануучу болушум керек эле, бирок силер мени айыпталуучу кылып салдыңар. Мындай окуя бир эле Кыргызстанда болсо керек. Мага Кыргызстандагы болгон бардык беренелерди коюпсуңар”, – деген Мискенбаев Атамбаевди сатпаганы үчүн абакта отурганын айткан.
Бул билдирүүлөргө укук коргоо органдары, президенттик аппарат комментарий бере элек. Прокурорлор айыптоо актысы менен тааныштырууну 15-июндагы сот отурумунда баштаган.
Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, азыркы жана мурдагы депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Равшан Жээнбеков баштаган 14 кишинин тергөө иши февралда сотко өтүп, ишти Биринчи май райондук соту 3-марттан бери карап жатат.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Атамбаев баштаган 19 кишиге айып тагылган. Тергөө менен кызматташкан бешөөнүн иши өзүнчө тергелүүдө.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев былтыр Кой-Таштагы операцияда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Атайын операцияда бир офицер курман болуп, 200дөй киши жабыркаган. Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык баш-аламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев Батукаевдин иши боюнча коррупцияга айыпталууда. Атамбаевдин тарапташтары мындай дооматтарды бийликтин куугунтугу катары баалап келатышат.
www.
Автор aymak
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
-
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
-
11.06.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ ЖАҢЫ БАТИРЛЕРГЕ ЭЭ БОЛУШТУ
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg СУЗАК РАЙОНУНУН БАРПЫ АЙЫЛЫНДА 750 ОРУНДУУ МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ АЯКТООДО
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.