Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА ОЛУТТУУ ЧЕКТӨӨЛӨР КИРГИЗИЛДИ

ЖАЛАЛ-АБАДДА ОЛУТТУУ ЧЕКТӨӨЛӨР КИРГИЗИЛДИ

 1,500 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Соңку кырдаалга байланыштуу коронавирус илдетинин жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча шаардык ыкчам штаб Жалал-Абад шаарында олуттуу чектөөлөрдү киргизүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын маалымат борбору маалымдады.

Жалал-Аба шаарында чектөөлөргө ылайык, кафе-ресторандар, коомдук тамактануучу жайларга саат 08:00дөн 20:00гө чейин гана иштөөгө уруксат берилет.

Чайканалар ачык асман алдында иштөөгө тийиш.

Тойканаларда той-аш, эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө уруксат жок.

Ишемби, жекшемби күндөрү коомдук транспорттор убактылуу каттабайт.

Базарлардын иштөө мөөнөтү таңкы саат 06:00дөн 18:00гө чейин деп чектелди.

Кийим-кече саткан ири базарлар ишемби, жекшемби күндөрү жабылып, дезинфекциялоо жүргүзүлөт.

Парктардагы аттракциондор, футбол аянтчалары, интернет клубдар, түнкү көңүл ачуучу жайлар жана бассейндердин ишмердүүлүгүнө белгисиз мөөнөткө чейин чектөө киргизилди.

Элдин массалык чогулуусуна жол бербөө максатында жума намазын окуу 4-июлдан тартып 18-июлга чейин убактылуу токтотулду.

Жогорудагы талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тынымсыз рейддер өткөрүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17