Аймак

ТОГУЗ-ТОРО: ООРУКАНАГА ЭКИ КЫЧКЫЛТЕК КОНЦЕНТРАТОРУ ТАПШЫРЫЛДЫ

ТОГУЗ-ТОРО: ООРУКАНАГА ЭКИ КЫЧКЫЛТЕК КОНЦЕНТРАТОРУ ТАПШЫРЫЛДЫ

 1,491 Бардыгы /

8-июль күнү Тогуз-Торо районундагы “Макмал Голд Компани” ЖЧКсы райондук ооруканага кычкылтек концентраторун алып берген. Бул тууралуу аймактык кабарчы Эрбол Иманбек уулу билдирди.

Маалыматка ылайык, “Макмал Голд Компани” ЖЧКсы райондук ооруканага эки кычкылтек концентраторун тапшырган. Аталган дем алдыруучу аппарат Турция мамлекетининен алынып келинген.

Райондук ооруканада учурда илдет менен 36 адам дарыланып жатса, 6 бейтаптын абалы оор.

Тогуз-Торо райондук оорукана жалпы 70 керебетке ылайыкталган. Ал эми райондо жалпысынан 26 миңден ашуун калк жашайт.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17