Аймак

АЛА-БУКА: ӨСПҮРҮМДӨРГӨ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

АЛА-БУКА:  ӨСПҮРҮМДӨРГӨ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

 918 Бардыгы /

Ала-Бука РИИБи тарабынан балдардын ден соолугуна, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүлөрдүн алдын алуу багытындагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери базарларды, соода жайларды текшерүүгө алышты. Пандемия учурунда чоңдордун көзөмөлү жок көчөдө бейчеки жүргөн өспүрүмдөрдүн ата-энелери милицияга чакыртылып, түшүндүрүү иштери алып барылды.

Мындан сырткары район аймагындагы сууга түшүүчү жайлар текшерүүгө алынды. Өспүрүмдөргө кооптуу аймактарда сууга түшүүгө мүмкүн эместиги жеткирилди.

Ошондой эле ата-энелерге жаш балдарды ар дайым көзөмөлгө алып туруу зарыл экендиги эскертилди.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17