Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
814 Бардыгы / Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупциядан мамлекет тарткан зыян боюнча соттолгондорго чегерилген айыптарды өндүрүү аракети уланууда. Ушул тапта соттолгондордун мал-мүлкүн жана банк эсептерин аныктоо жараяны жүрүп жатканын Сот аткаруучулар департаментинин басма сөз кызматы 29-сентябрда «Азаттыкка» билдирди. Маалыматка караганда, айыппулду өндүрүү тууралуу соттун чечимин аткаруу бир нече баскычтан турат. Алгач айыпталгандарга эскертүү берилет. Соттолуучулар […]
815 Бардыгы / Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупциядан мамлекет тарткан зыян боюнча соттолгондорго чегерилген айыптарды өндүрүү аракети уланууда. Ушул тапта соттолгондордун мал-мүлкүн жана банк эсептерин аныктоо жараяны жүрүп жатканын Сот аткаруучулар департаментинин басма сөз кызматы 29-сентябрда «Азаттыкка» билдирди. Маалыматка караганда, айыппулду өндүрүү тууралуу соттун чечимин аткаруу бир нече баскычтан турат. Алгач айыпталгандарга эскертүү берилет. Соттолуучулар […]
ЖЭБдеги КОРРУПЦИЯ БОЮНЧА СОТТОЛГОНДОРДУН МҮЛКҮ ЖАНА БАНК ЭСЕПТЕРИ ТАКТАЛУУДА
30.09.2020 / Автор aymak816 Бардыгы /
Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупциядан мамлекет тарткан зыян боюнча соттолгондорго чегерилген айыптарды өндүрүү аракети уланууда.
Ушул тапта соттолгондордун мал-мүлкүн жана банк эсептерин аныктоо жараяны жүрүп жатканын Сот аткаруучулар департаментинин басма сөз кызматы 29-сентябрда «Азаттыкка» билдирди.
Маалыматка караганда, айыппулду өндүрүү тууралуу соттун чечимин аткаруу бир нече баскычтан турат. Алгач айыпталгандарга эскертүү берилет. Соттолуучулар өз ыктыяры менен айыппулду төлөбөгөн учурда алардын мүлктөрүн жана банк эсептерин такташ үчүн тиешелүү органдардан, банктардан маалымкат суралат. Сот банк эсептери тууралуу аныктама чыгарып бериши керек. Мындай жараяндар бүткөндөн кийин гана мажбурлап өндүрүү аракети жүргүзүлөт.
Быйыл июнда Жогорку сот ЖЭБдеги авария жана коррупция боюнча соттолгон мурдагы сегиз жетекчиге беш млрд. 440 млн. сомго жакын материалдык зыянды Финансы министрлиги менен «Электр станциялары» ишканасынын пайдасына төлөп берүүгө милдеттендирген.
Алар – мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, анын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев.
Бул сумманы сегизге бөлгөндө булардын ар бирине 680 млн. сомго жакын каражаттан айланат.
Сот аткаруучулар камактагы экс-премьер-министр Сапар Исаковдун үйүнө барып, айыппулду төлөөнү талап кылганын адвокат Замир Жоошев 14-сентябрда билдирген.
Коррупция боюнча айыпталгандардын дээрлик баары өздөрүнө коюлган күнөөнү четке кагып, аны саясий куугунтук катары баалап жүрүшөт.
Башкы прокуратура Бишкек ЖЭБин модернизациялоодон мамлекетке 111 миллион 252 миң доллар зыян келтирилгенин маалымдаган.
2018-жылы 26-январда катуу суукта ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн бою жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдош үчүн Кытайдын «Эксимбанкынан» алынган 386 миллион доллар насыянын бир тобу жең ичинен кымырылып кеткени ачыкка чыккан.
www.
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
11.04.2025 / Автор anarkan_kg ҮЧ-КОРГОН ГЭСИН РЕКОНСТРУКЦИЯЛОО ИШТЕРИ АКТИВЕШТИРИЛДИ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg Жакып МАМАЖАНОВ: “КЕҢИРИ ФОРМАТТАГЫ ЖОЛУГУШУУЛАРДЫ АКТИВДЕШТИРДИК!”
-
29.04.2025 / Автор anarkan_kg КАРА-КУЛЖА ТЫНЧ ЭМЕС!
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.